ОШ ШААРЫНЫН КОЛЛЕДЖДЕРИ ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРИ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН НАТЫЙЖАЛУУ ӨНӨКТӨШТҮКТҮ УЮШТУРУУГА ОКУУДА

  • 26.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Ош шаарында пилоттук колледждердин жана лицейлердин өндүрүштүк практика боюнча директорлордун орун басарлары жана социалдык өнөктөштүк боюнча координаторлор үчүн уюмдар-иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча окутуучу семинар өткөрдү.

Социалдык өнөктөштүк өзүнө колледждер жана кесиптик лицейлердин эмгек рыногу жана бизнес менен натыйжалуу кызматташуусун калыптандырууну, киреше алып келүүчү ишмердикти ишке киргизүүнү, жумуш ордунда окутууну камтыйт. “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждерди Алдыңкы тажрыйба борборлоруна трансформациялоо ишке ашырылууда, алардын базасында эксперименталдык билим берүү программаларын пилоттоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү ишке ашырылууда.

Өткөрүлгөн семинардын алкагында колледждердин жана кесиптик лицейлердин социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы, ийгиликтүүлүк индикаторлору, социалдык өнөктөштүктү күчөтүү үчүн иш берүүчүлөрдүн ичинен түзүлгөн көзөмөлчүлүк кеңештердин иши талкууланды.

Ошондой эле катышуучулар кесиптер жарманкесин өткөрүү аркылуу социалдык өнөктөштүктү илгерилетүүгө өнөктөш-иш берүүчүлөрдү тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер