ОШ ШААРЫНДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

  • 04.12.2017
  • 0

 

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 4-8-декабрь күндөрү «Манас жумалыгы» өтөт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, бул жумалык «4-декабрь – Манас күнүнө» байланыштуу уюштурулуп жатат.

ОШ ШААРЫНДА «МАНАС ЖУМАЛЫГЫ» БАШТАЛДЫ

Аталган жумалыктын алкагында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар арасында «Манасым – менин мурасым» аттуу ураанда манас айтуу, «Манас – балдардын көзү менен» аттуу сүрөт тартуу жарышы жана анын галереясы уюштурулат.

Ал эми мектептерде «Манас жумалыгынын» алкагында алп манасчы С. Орозбаковдун 150 жылдыгы жыйынтыкталып, дагы бир залкар манасчы Ж. Мамайдын 100 жылдыгын утурлай көргөзмөлөр, талкуулар уюштурулат. Андан сырткары мектеп окуучуларынын арасында «Аталардан алгы сөз, айтылбаса дат басат» аттуу беш багыт боюнча төмөндөгүдөй сынактар өтмөкчү:

1-багыт: Манас айтуу (1-11-класстардагы жаш манасчылардын ортосундагы жарыш);

2-багыт: Интеллектуалдык таймаш (8-10-класстардын “Манас таануу” таймашы);

3-багыт: Сүрөт тартуу (Эпостогу философия, андагы көрүнүштөрдү боюнча сынак);

4-багыт: Аткаруучулук өнөр (көркөм окуу жана сахналык көрүнүштөр);

5-багыт: Долбоор жактоо («Манасты» жайылтуу боюнча долбоорлордун жарышы).

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдагандай, мектептерде өтүп жаткан бул сынактардын шаардык баскычы Ош шаарынын мэриясынын макулдугу менен жакынкы арада уюштурулмакчы. Эске сала кетсек, 2015-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Манас» эпосунун күнүн 4-декабрда белгилөө жөнүндөгү атайын токтому чыккан.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер