ОШ ОБЛУСУНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

  • 26.08.2022
  • 0

Бүгүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында облустагы педагогикалык кызматкерлердин жана билим берүү системасынын жетекчилеринин кеңешмеси өткөрүлдү.

«Билим берүүнүн экосистемасы, бирдей жарандык жана зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – коомдун туруктуу өнүгүүсү» темасындагы кеңешменин катышуучулары үчүн райондордогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин, ошондой эле билим берүү тармагы менен тыгыз иш алып барган окуу борборлору менен түрдүү долбоорлордун көргөзмөсү коюлду.

ОШ ОБЛУСУНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

 

 

Кеңешме Ош билим берүү институтунун жана облустагы билим берүү жаатындагы жетишкендиктерди чагылдырган видео ролик көрсөтүлүп, аталган институттун директору Гульмира Турдубаеванын  баяндамасы менен башталды. Ал өз сөзүндө өткөн окуу жылындагы ийгиликтерди улантып, алдыга так милдеттерди коюп, мындан да жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн жигердүү иш-аракеттерди  жүргүзүү абзел экендиги баса белгиледи.

Кеңешменин жүрүшү кызуу талкуу менен коштолуп, жыйынтыктоочу бөлүгүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов, андан кийин  Билим, илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев сөз сүйлөп, билим берүү тармагында үзүрлүү иш алып барган кызматкерлерге ардак грамоталарды, эс алуу үчүн жолдомолорду, акчалай ж.б.у.с. баалуу белектерди тапшырды.ОШ ОБЛУСУНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

 

Жыйын соңунда кеңешменин резолюциясынын жумушчу долбоору добушка коюлуп, катышуучулардын колдоосуна ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер