ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

  • 06.06.2019
  • 0

ОшМЮИ жөнүндө маалымат

ОшМЮИ Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз адистешкен юридикалык жогорку окуу жай.  Кыргыз Республикасынын Билим      берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде:

  • «Юриспруденция», бакалавр академиялык даражасы  (№LD170001024, тиркеме 1,2);
  • «Юриспруденция», магистр академиялык даражасы (№LD150000066);
  • «Соттук экспертиза» (№ LD170001024, тиркеме 3);
  • «Бажы иши» (№ LD170001024, тиркеме 4,5);
  • «Укук таануу» (№ LC160000059) багыттары жана адистиктери боюнча күндүзгү,   дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларында адистерди даярдайт.

ОшМЮИ  2017-жылы көз карандысыз Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү. Ал ОшМЮИдеги билим берүүнүн сапаты аныкталган критерияларга жана стандарттарга толук жооп берерин тастыктады жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түздү.

ОшМЮИнин факультеттери жана бөлүмдөрү

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

  • Сот-прокуратура факультети;
  • Тергөө-криминалистика факультети;
  • Адвокатура, башкаруу жана укук факультети;
  • Укук жана ишкердүүлүк факультети;
  • Сырттан окуу юридикалык факультети (жогорку билимдин негизинде);
  • Юридикалык колледж;
  • Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу борбору;
  • Магистратура;
  • Аспирантура.

Профессордук-окутуучулук жамааты

Окуу жайда 50дөн ашуун илимдин докторлору жана кандидаттары, о.э. профессорлор, доценттер, сот жана укук коргоо органдарында көп жыл иштеген практикалык бай тажрыйбага ээ адистер билим берүүдө.

Материалдык-техникалык базасы

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

ОшМЮИ мезгил талабына жооп берген  3 окуу имараттан турат. Заманбап каражаттар менен жабдылган мультимедиалык окуу аудиториялары, лабораториялары, криминалистика полигону, сот залы, криминалистика кабинеттери,  1 жабык спорттук зал жана 2 ачык спорттук аянты институттун өзгөчөлүгүнө дал келет.

ОшМЮИ студенттерди бардык шарттарга жооп берген жатакана менен камсыз кылат.

Окуу жайда «Кут ордо»  мамлекеттик тил, «Медиа», «Кытай укугу» борборлору өз ишин жигердүү жүргүзүүдө. ОшМЮИнин алдында түзүлгөн  юридикалык клиникада студенттер практикалык билимдерин жогорулатып, тажрыйбалуу юристердин жетекчилиги менен калкка акысыз укуктук жардам берүү иштерин  үзүрлүү жүргүзүүдө.

Студенттик жашоо

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

ОшМЮИде ар түрдүү маданий, коомдук жана тарбиялык иш чаралар тынымсыз өткөрүлөт. Студенттердин өз алдынча башкаруу уюму – Жаштар комитети иштейт. Студент жаштардын ар тараптуу калыптануусу үчүн атайын түзүлгөн борборлор, дискуссиялык клубдар жана ден соолукту чындоо максатында спорттун түрлөрү боюнча машыгуу залдары иш алып барат.

ОшМЮИнин студенттери окууда, коомдук-массалык иш-чараларда, спорттук мелдештерде алдыёкы жетишкендиктерди багындырып, ОшМЮИде билим алуу терең жана ар тараптуу экендигин далилдешти. Атап айтсак, аймактык студенттик олимпиадада «Юриспруденция» боюнча 1,2,3-орундардын баардыгын биздин студенттер ээлешти. 2018-жылдагы Азия оюндарында ОшМЮИнин студенти Багынбай уулу Төрөкан джу-джутси боюнча чемпион болуп, алгачкы алтын медалды Кыргызстандын капчыгына салды.

 

Эл аралык билим берүү кызматташтыгы

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

ОшМЮНин алдыңкы студенттери Кытай Эл Республикасында (Ланджо университети, Хекси университети), Казакстанда (Казак эмгек, социалдык башкаруу академиясында), Россия Федерациясында (Урал мамлекеттик юридикалык университети, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттеринде) тажрыйба алмашуудан өтүшөт.

 

ОшМЮИнин бүтүрүүчүлөрү иштөөчү тармактар

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

«Юриспруденция» багыты боюнча бүтүрүүчүлөр сот, прокуратура, ички иштер органдарында, улуттук коопсуздук органдарында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында, ж.б. укук коргоо органдарында, мамлекеттик органдарда, адвокатура, нотариаттарда, банктардын, жеке ишканалардын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын юридикалык кызматтарында, о.э. ЖОЖдордо иштей алышат.

“Соттук экспертиза” адистигинин бүтүрүүчүлөрү эксперттик, техникалык — криминалистик, маалыматтык, уюштуруу-башкаруу, илимий-изилдөө багыттары боюнча укук коргоо органдарында жана жеке уюмдарда иш алып барышат.

“Бажы иши” адистигинин бүтүрүүчүлөрү бажы органдарынды, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматында, салык органдарында, мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде, ички иштер органдарында, чек ара кызматтарында, тышкы соода ишмердиги менен иш жүргүзгөн ишканаларда, бажы чөйрөсүндө ишкердик менен иш алып барган уюмдарда иштей алышат.

Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө «Укук таануу» адистигиндеги диплом берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2, 3-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ

Окуу мөөнөтү

Күндүзгү окуу формасы боюнча:

  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр — 4 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл;
  • «Соттук экспертиза», жогорку кесиптик «адис» — 5 жыл;
  • «Бажы иши», жогорку кесиптик «адис» — 5 жыл
  • «Укук таануу», орто кесиптик (юрид. коллежд)

— 9-класстын билими менен — 2 жыл 10 ай;

— 11-класстын билими менен – 1 жыл 10 ай;

Сырттан  окуу формасы боюнча:

  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, дистанттык технологияларды колдонуу менен – 5 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик бакалавр, жогорку билим базасында- 3 жыл;
  • «Юриспруденция», жогорку кесиптик магистр – 2 жыл 6 ай;
  • «Бажы иши», жогорку кесиптик «адис» — 6 жыл;
  • «Укук таануу» орто кесиптик (юрид. коллеж) 11- класстын билими менен – 2 жыл 6 ай.

Кабыл алынуучу документтер

  1. Жалпы республикалык тесттин талону (11-класстын базасындагыларга);
  2. Орто билим жөнүндө аттестат;
  3. Юридикалык колледж үчүн толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүк (9-кл.);

Жогорку же орто кесиптик билими менен  — жогорку же орто кесиптик билими тууралуу диплом тиркемеси менен (түп нускасы) же нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;

  1. 063-формасындагы медициналык маалым кат 9-класстар үчүн;
  2. 3×4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
  3. Паспорт жана аскердик билет (көчүрмөсү).

 

Биздин дарек: Ош шаары, Раззаков көчөсү 19.

Тел.: (03222) 8-40-24, 8-97-37, 0(551)14-37-79,  0(779)86 90 24

[email protected]

Автоунаалардын каттамы:  №113, 128, 122, 109, 107, 145,

1-троллейбус, 2-автобус

Болжол: «Гүлкайыр» эмерек дүкөнү

сайт: http://oshgui.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер