ОШ АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКУМУ
- 13.05.2025
- 0
Полот Тувашев, окуу жайдын директору
1932-жылы ачылган. Окуу жайдын 90 жылдык тарыхы бар. Окуу жайдын азыркы мезгилдин талабына жооп бере турган материалдык-техникалык базасы жаңы заманбап окуу имараты, окуу аудиториялары, лабораториялары, автотрактородром, өнөрчүлүк цехтери учур талабына жооп берген жабдыктар менен жабдылган. Жатакана, китепкана, компьютердик класстары, окуу залы жана ашканасы бар. Ош айыл чарба техникумунда квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет жана учурдагы рынок шартына дал келген заманбап адистерди даярдайт. Студенттердин теориялык алган билимин практика менен айкалыштыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Окутуунун формасы – күндүзгү
Окуу бюджеттик жана
контракттык негизде жүргүзүлөт
Кошумча кыска мөөнөттүү курстарда төмөндөгүдөй жумушчу кесиптерди даярдайт:
— Аарычы (пчеловод);
— газ-электр ширетүүчү;
— слесарь-сантехник;
-электр жабдууларын ремонттоо боюнча электромонтер;
— жаныбарлар жана канаттуулар боюнча санитар оператор;
— «В» жана «С» категорияларындагы транспорт каражаттарынын айдоочусу;
— «А» категориясындагы тракторист-машинист.
Биздин техникум төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:
111201 “ветеринария”
Квалификациясы:
Ветеринар-фельдшер
Бүтүрүүчүлөр бардык ветеринардык-санитардык мекемелерде, ветеринардык жана биохимиялык лабораторияларда, ветеринардык дарыкананы өз алдынча ачууга, жаныбарлардан алынган азыктарга ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүүгө, жасалма уруктандыруу пункттарында иштей алат.
110301 “айыл чарбасын
механизациялаштыруу” Квалификациясы:
Техник-механик
Механик-техник фермердик жана дыйкан чарбаларында иштөөчү. Машина — трактор паркын эксплуатациялоочу, бригаданын жетекчиси, устакананын башчысы жана квалификациялык мүнөздөмөгө ылайык келген башка кызматтарда иштей алат.
110201 “агрономия” Квалификациясы:
Агроном
Орто кесиптик билими бар агроном агро өнөр жай бирикмелеринде, чарбалар аралык жана башка айыл чарба ишканаларында адис жана агроном болуп иштей алат.
Окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүмүндө 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай
Окуу жайга тапшыруу үчүн
документтердин тизмеси
— Абитуриенттин арызы;
— ата-энесинин паспорт көчүрмөсү;
— мектепти аяктагандыгы тууралуу документ (аттестат же күбөлүк) түп нускасы;
— 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
— паспорт же туулгандыгы жөнүдө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— №086-у жана 063 үлгүсүндөгү
медициналык маалымкат.
Ош айыл чарба техникумунун миссиясы жана максаты
Аймактык социалдык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн аградык секторуна атаандаштыкка жөндөмдүү орто звенонун адистерин даярдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын түштүк регионунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Ош шаары
Ленин көчөсү 229
0550 280 127
Комментарийлер