ОРУСИЯНЫН БИЛИМ МИНИСТРИ АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИ КУТТУКТАДЫ

  • 26.11.2020
  • 0

Орусия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Алмазбек Бейшеналиевди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалышы менен куттуктады.

“Орусия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тыгыз кызматташуусу мындан ары дагы эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдетерине ишенем. Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалайм”, — деп жазылган катта.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер