ОРУС ТИЛДҮҮ КЛАССТАРДА КЫРГЫЗ ТИЛИН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТТҮ
- 09.04.2026
- 0
2026-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында «Коммуникативдик ыкма жана STEAM-билим берүү концепциясы аркылуу орус тилдүү класстарда кыргыз тилин натыйжалуу окутуу» аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү.
Иш-чара орус тилинде билим берген мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн уюштурулуп, практикалык тажрыйбага багытталган мазмунда өттү.

Семинардын алкагында №71 мектеп-интернатынын мугалимдери ачык сабактарды өткөрүп, кыргыз тилин окутууда STEAM ыкмасын колдонуу боюнча өздөрүнүн иш-тажрыйбаларын көрсөтүштү. Катышуучулар заманбап билим берүү ыкмалары менен таанышып, сабакта коммуникативдик ыкмаларды колдонуу боюнча практикалык сунуштарды алышты.
Семинар-тренингдин негизги максаты — алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана билим берүү процессине заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү болду.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга, окутуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.






Комментарийлер