ООР МЕЗГИЛДЕ ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ КОЛ СУНДУ

  • 06.07.2020
  • 0

ООР МЕЗГИЛДЕ ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ КОЛ СУНДУ

   

 

 

Онлайн университет платформасын демилгечилер тобу түзгөн

 

Кыргызстандагы алгачкы онлайн жогорку билим берген “Онлайн Университет” платформасы өлкөгө карантин киргизилген учурда бир айдын ичинде түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн баштаган. Бул платформа Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордун мугалимдери жана учурда чет өлкөдө билим алып, иштеп жаткан мекендештерден турган эксперттер тобу тарабынан билим берүү жана илим жаатында жаңы демилгелерди көтөрүп, учур талабына жараша өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Онлайн Университетинин эксперттери сапаттуу жана натыйжага багытталган онлайн жогорку адистик курстарды ачуу жана устаттык кылуу багытында иш алып баруу менен вебинарлар сериясын уюштуруп келет.

ООР МЕЗГИЛДЕ ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ КОЛ СУНДУ

Пандемия шарттарындагы татаал кырдаалда башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда да мектеп жана ЖОЖдордо онлайн окутуулар ишке ашырылды. Онлайн окутууда окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер да санариптик технологияларды жакшы биле бербегендиктен, бир катар кыйынчылыктар жаралганы баарыбызга маалым болду. Бул кырдаалда кантип сабак  өтүү жана тапшырмаларды текшерүү, канткенде окуучу/студенттер менен тыгыз байланышта болуу керектиги тууралуу “Онлайн университет” платформасы мугалимдерге колдоо көрсөтүп, санариптик технологияларды үйрөттү.

“Бардык мектептер, жогорку окуу жайлар пандемия учурунда онлайн билим берүүгө өткөндүктөн, биз өзүбүз дагы ЖОЖдордо мугалим болгондуктан, аябай кыйынчылыктарды көрдүк. Ошондуктан ойлонуп отуруп, мугалимдердин санариптик сабаттуулугун өстүргөн мектеп жамааты үчүн өзүнчө, ЖОЖдор үчүн өзүнчө тайпаларды ачып, акысыз вебинарларды бере баштадык”, — дейт “Онлайн университет” платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева.

 

40 күндө – 55 вебинар

 

Аталган платформа ишмердүүлүгүн вебинарлар сериясы менен баштап, ачылган күндөн бери 40 күндө 55 вебинар жана үч күндүк онлайн-форум уюштурду. Эң актуалдуу маселелерди камтыган вебинарлар Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан креативдүү окутуучулар жана учурда чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиз тарабынан өткөрүлүүдө. Онлайн Университет платформасынын эң алгачкы вебинары “Онлайн сынакты кантип уюштуруу керек?” темасында өткөрүлгөн эле. Андан соң мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн туура кесип тандоо, илимий макалаларды чет өлкөлүк журналдарга жарыялоо, балдар менен чогуу китеп окуу, изилдөө усулдары, COVID 19га байланыштуу адистердин кеп-кеңештери ж.б. тууралуу бир нече актуалдуу болгон темаларга кайрылып келет.

Онлайн Университет платформасынын лабораториялары

 

Жогорудагы 55 вебинар Онлайн Университеттин 11 багытта иш алып барган “Педагогика”, “Илимий изилдөөлөр”, “Онлайн окутуу усулдары”, “Бала бакча”, “Мектеп”, “Англис тили”, “Балдар жана ата-энелер”, “Дизайн жана анимация”, “Психология”, “Адабият, маданият жана тил” лабораториялары тарабынан уюштурулууда. Жакында “Психологиялык кеңеш”, “Үй-бүлө жана бала тарбиялоо” жана “Кеп техникасы” аттуу жайкы мектептер жана “Англис тили” лабораториясынын “TOEFLга даярдоо” курсу башталат.

Ар бир лаборатория өз-өзүнчө багыттарда иш алып барып, вебинарларды уюштурууда. Алсак, “Илимий изилдөөлөр” лабораториясы-бул коомдук изилдөөлөр боюнча үч бөлүмдө иш жүргүзөт. Биринчи бөлүмдө сапаттык изилдөө усулдары боюнча вебинарларды өткөрөт, мында илимий изилдөө ишинде теманы тандоодон баштап суроону түзүү, катышып байкоо усулу, маалыматтарды жыйноо, талдоо иштери талкууланат. Экинчи бөлүмдө эл аралык журналдарга макала жазуу, эл аралык ажурналдардын макалага болгон талаптарын үйрөнүү боюнча болсо, үчүнчү бөлүмдө азыркы учурда чыгып жаткан кыргыз жана башка чет өлкөлүк тилдердеги жаңы изилдөөлөр менен коомду тааныштыруу, макала, китеп, диссертациялардын мазмундарын жана ишке ашыруудагы маселерди талкуулаган вебинарларды уюштурат. “Англис тили” лабораториясында англис тилин үйрөтүү усулдары, тил үйрөнүүдөгү эң көп кездешкен каталар, “TOEFLга даярдоо стратегиялары” боюнча вебинарлар өтүүдө. “Дизайн жана анимация” лабораториясынын биринчи багыты жалпы колдонуучуларга, билим берүү, журналистика тармактарында иштегендерге технологияны колдонуу, ал эми  профессионалдык анимация жана дизайн багытында анимациянын композициясы, профессионалдык программалар, санариптик технологияларга тиешелүү вебинарлар уюштурулууда. “Балдар жана ата-энелер” лабораториясында ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, аларды китеп окууга жана чет тилдерин үйрөнүүгө кызыктыруу, жыныстык тарбия жана башка үй-бүлөдөгү балдар менен байланышкан маселелер боюнча бир канча вебинарлар уюштурулду. Башка лабораториялар жана жайкы мектептер тарабынан да вебинарлар өткөрүлүүдө.

 

Алгачкы Онлайн-Форум

 

Жакында, 22-23-24-июнь күндөрү Онлайн Университет платформасы «COVID 19: Билим берүү жана илимге кайрадан саресеп» I Онлайн Форумун өткөрдү. Онлайн-Форум 3 ОТУРУМда өткөрүлүп, пандемия шартында билим берүүдөгү жаңы көрүнүштөр, онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү, глобалдык атаандаштыкта Кыргызстандагы билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу тууралуу маселелер ортого салынды.

Илимий жыйынга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров, Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов, Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы Алмаз Бейшеналиев, Борбордук Азия университетинин Билим берүүнү өнүктүрүү программасынын координатору Жамал Папиева, Антропология илимдеринин доктору, Макс Планк Институтунун  изилдөөчүсү Махабат Садырбек, Лейбниц Чыгыш таануу борборунун илимий изилдөөчүсү, Берлиндеги Мартин Лютер университетинин окутуучусу Аксана Исмаилбекова жана башка окумуштуулар менен мугалимдер катышышты.

Иш-чаранын 22-июнда өткөн «Мектеп: башкаруу жана окутуу ресурстары» аттуу I отурумдагы резолюцияга баяндамачылар мектеп мугалимдерине даяр келген видео сабактарды колдонууга үгүттөбөй, өздөрүнүн материалдарын колдонууну сунушташып, жеке видео сабактарды даярдоо үчүн тийиштүү тренинг, вебинарларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле мугалимдерге онлайн форматта болсо да өз ара тажрыйба алмашууга шарт түзүп берип, айрыкча, окуучуларды китеп окууга жана сабакка кызыгуусун шыктандыруунун жолдорун үйрөтүү зарыл экендиги белгиленди. Мектептерде мугалим, окуучу жана ата-энелердин ортосунда интерактивдүү онлайн мамилени камсыз кылган тренингдерди өткөрүү кенештери ортого салынды. COVID 19дан алынган сабактар тууралуу кеңири маалыматтар айтылып, пандемия шартында билим берүү тармагындагы көзгө урунган артыкчылыктар менен кемчиликтер белгиленди.

Ал эми II отурумда «Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери» каралып, Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Чынаркүл Рыскулова билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн көз каранды эмес аккредитация системасын жакшыртуу, педагогика адистиктери үчүн кесиптик аккредитация агенттигин түзүү керектигин сунуштады.

“Ар бир ЖОЖдо аккредитация бөлүмүн түзүү, ал бөлүм окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүшү керек. сапаттуу билим берүүнү маданиятка айландыруу зарыл. Аккредитация процессиндеги кагаз иши студенттерге билим алуу сапатынын жогорулашын камсыздабасына токтолду да, ага кеткен убакытты  кыскартууну ЖОЖ окутуучуларына аккредитация, окутуунун жыйынтыктары жана компетенциялар боюнча тренингдерди өткөрүү зарыл», — деди Ч.Рыскулова.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, илимдин доктору Рита Исмаилова болсо онлайн билим берүүнү өнүктүрүү үчүн студенттердин санариптик билимин жогорулатуу зарылдыгын белгилеп өттү. “Онлайн экзамендерде окуучу даяр жоопту көчүрүп алалбай турган системаны иштеп чыгуу керек. Ошондой эле билим алуу мотивациясын жогорулатуу маанилүү, студенттер баа эмес, билим үчүн онлайн сабактарга катышканда гана онлайн билим алуу сапаттуу болот. Гибрид түрүндөгү билим берүү — бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи кадам болуп бере алат, анткени онлайн билим берүү жана кадимки билим берүүнүн жакшы тараптарын комбинациялоого мүмкүнчүлүк берет», — деген пикирин билдирди ал.

Ошондой эле педагогика илиминин доктору Кадиан Бообекова студенттерге өз алдынча иштөө, изденүү мүмкүнчүлүгүн түзүү керектигин, сынак же билимди өлчөп баалоо үчүн балдардын өз алдынча иштөөсүнө, чыгармачылыгын өстүрүүсүнө багыт берүү, мөөнөтүн так белгилөө, кайтарым байланыш курууну камсыз кылуу маанилүү экендигин айтты.

Ал эми «Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору» деген Форумдун III отурумда студенттердин илимий иштерин уюштурууну кайра карап чыгуу зарылдыгы, академиялык чынчылдык, плагиат маселеси жана эл аралык талаптарга ылайык илимий макала жазуу жана дүйнөдөгү абройлуу илимий басылмаларга макала жарыялоо жолдору тууралуу айтылды.

ООР МЕЗГИЛДЕ ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ КОЛ СУНДУ

Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Мукарам Токтогулова студенттерди илимий иштерге даярдоо ырааттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек, ЖОЖдордун окуу программаларына  милдеттүү түрдө “Изилдөө усулдары”,  “Изилдөө практикасы”,  “Академиялык жазуу”, “Дипломдук ишке даярдоо” сабактарын киргизген оң» — деген сунуш киргизди.

Ошондой эле, ЖОЖдун окутуучуларынын жана илимпоздордун илимий иштерин жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча резолюцияда ЖОЖ окутуучулары үчүн изилдөө ишин жазуу боюнча, сандык жана сапаттык изилдөө усулдары боюнча тренингдерди өткөрүү зарыл экендиги айтылды.

Аны менен катар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагазар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков эл аралык илимий журналдардын макала жазуу боюнча талаптарын, аларды тандоо жолдорун түшүндүргөн семинарларды өткөрүү күндүн орчундуу талаптарынан экенин белгилеп өттү. Мындан тышкары, илимий журналдарга жазылуу жана эл аралык басмалардан чыккан жаңы илимий китептерди сатып алып, бардык ЖОЖдор колдоно ала турган база түзүү бүтүн Кыргызстандын окумуштууларына жардам болот деген пикирлер ортого салынды.

 

“Үйрөнүүнү үйрөн” урааны менен…  

 

«Үйрөнүүнү үйрөн» урааны менен иш алып барган “Онлайн Университет” платформасы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган бир катар вебинарлар сериясын, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөлөрүн жана табылгаларын тааныштырган маектерди өткөрүүнү мындан ары да уланта бермекчи.

Ал вебинарлар мугалимдерге жана илимий иш жүргүзгөн агартуучуларга онлайн шартта окутууну, илимий изилдөө иштерин эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүнү акысыз үйрөткөн пайдалуу ресурс катары Онлайн Университетинин Ютуб каналына жүктөлүп турат. Тажрыйбалуу кесипкөй адистердин ыктыярчылык менен даярдаган бул вебинарлар сериялары мугалимдерге жана жаш изилдөөчүлөргө дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана түрдүү окутуу жана илимий изилдөө усулдарын колдонууну үйрөтөт.

Онлайн Университети платформасынын курамы учурда улам кенейүүдө. Дүйнөнүн булуң-бурчунан байланышка чыгышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөбүз деп кайрылып жаткан мекендештерибиз көбөйүүдө. Жаңы кошулган демилгечилер өлкөбүздүн билим берүү жана илим жаатында жаңы долбоорлорду сунуштоо менен гана чектелбестен, бир катар коомдук курч көйгөйлөрдү чечүү жолдорун да колго алып жатышат. Ал эми бул тууралуу сөз кийинчерээк болсун…

Адина Эсентурова

 

https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

 

onlineuniversity.kg

https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү#онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола#онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring#onlinementor

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер