ОНУНЧУ БОРБОР АЗИЯЛЫК СООДА ФОРУМУ ОНЛАЙН ӨТӨТ

  • 03.11.2020
  • 0

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу Борбор Азиялык соода форумун толугу менен онлайн өткөрөт. Бул Борбор Азияда соода жүргүзүүнү жана байланыштуулукту өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум 2020-жылдын 16-20-ноябрында өтөт.

Быйыл форумдун темасы “Борбор Азия – өсүү жана гүлдөп-өнүгүү”. Ал COVID-19 пандемиясынан кийин экономикалык калыбына келүү убагында Борбор Азиядагы жаңы тенденцияларды жана рыноктун реакцияларын изилдөөгө арналат. Беш күндүк иш-чара глобалдык жана жергиликтүү эксперттерди, новаторлорду жана эксперттердин катышуусу менен Zoom, Facebook жана YouTube платформаларында өтөт. #CATF2020 форумуна акысыз www.catradeforum.org сайты аркылуу катталса болот. Ошол эле жерде толук күн тартиби жана спикерлер жөнүндө маалымат менен таанышууга болот.

Катталган катышуучулар онлайн сессияларга, негизги баяндамаларга жана семинарларга кошула алышат. Алар Борбор Азиядагы товар ташуу тутумуна COVID-19 таасири, туризмди калыбына келтирүү, аймактык энергетикалык рынокту өнүктүрүү, электрондук сооданын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда диалог, региондон чыккан аял ишкерлердин тажрыйбасы жана башка темалары боюнча талкууларга катыша алышат.

Мындан тышкары форумда Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикистандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 20дан ашык жашылча-жемиш ишканалары коңшу өлкөлөрдөн жана эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Алар Бүткүл дүйнөлүк чекене соода форумунун [www.eximexpo.kz] негизинде жүрөт. Акыркы он жылда Борбор Азиялык соода форуму жаңы тенденциялар жөнүндө билүү, идеяларды алмашуу, байланышты өнүктүрүү жана бизнес жүргүзүү үчүн 30дан ашык өлкөдөн чыккан 5 миңден ашык өкмөттүк чиновниктерди, ишкер адамдарды жана идея көтөргөн лидерлерди бириктирди. Акыркы он жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүү эки эседен ашык көбөйдү жана жылына болжол менен 6 миллиард долларды түздү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер