ОНЛАЙН ОКУУЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМЫ

  • 27.03.2020
  • 0

Чүй облусунун Кемин районундагы мектептерде үчүнчү чейректин өтүлбөй калган сабактары онлайн режиминде толукталып өттү. Бул тууралуу Чүй облустук билим берүү борборунун башкы адиси Кундуз Абдраева билдирди.

— Коронавирус пандемиясынын жайылышын алдын-алуу максатында бир айга карантин жарыялангандыгына байланыштуу, Чүй облусунун мектептери окуучуларга онлайн режиминде сабак өтүүгө жалпы киришти. Алсак, мендеги Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаевадан алган маалымат боюнча, алар март айындагы 3-чейректин өтүлбөй калган сабактардын дене тарбия сабагынан башкасын онлайн режиминде толуктап өтүштү.

Азыркы учурда мектеп жетекчилеринин оперативдүү уюштуруучулугунун натыйжасында, мугалимдер чукул арада ата-энелерге маалымат таратышып, ар бир предмет боюнча топтор түзүлүп, онлайн сабактар уланууда,-дейт Кундуз Мукашевна.

ОНЛАЙН ОКУУЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМЫ

Сүрөттө: Кемин шаарындагы №1 мектебинин англис тили мугалими Юлия Бондаренко.

Анын айтымында, кеминдик мугалимдер аз убакыттын ичинде zoom программасын өздөштүрүп, окуучулар менен конференция сабактарды онлайн түрүндө бетме-бет өтүп жатышат. Мугалимдер видео-сабактар окуучу менен мугалимдин ортосундагы кайтарым байланышты күчөтүүгө түрткү берип жатканын белгилешүүдө. Ал арада окуучулар Bandicam программасынын жардамы менен сабактарын өздөштүрүп жатышат.

Балдардын сүймөнчүктүү “Айбилим” жана “Билим булагы” сайттары

Ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барышкан мугалимдер, балдардын жаш курагына жараша сайттарды пайдаланууну колго алышууда. Алсак, башталгыч класстын ата-энелерине «Айбилим» сайтына кирүү сунушталса, жогорку класстын окуучулары “Билим булагы” сайттары аркылуу окушууда. Ошондой эле мугалимдер YoyTube каналдарында атайын иштелип чыккан видео-сабактарды колдонуп жатышат. Өтүлгөн сабактардын жыйынтыктары, коюлган баалар ата-энелер менен мугалимдер атайын түзгөн вотсап топторунда жарыяланып турат.

— Онлайн окутуулар балдардын эшикке бейчеки баспай, коомдук жайларга барбай, күнү-түнү ата-энелеринин көзөмөлүндө болуусуна жардам берүүдө. Мындай ыкманы колдоого алышкан ата-энелер күнү-түнү смартфон, ноутбукта отуруп, окуучулардын тапшырмаларын кезеги менен текшерип отурган мугалимдерге ыраазычылыктарын билдирип жатышат,-деп кошумчалады Кундуз Абдраева.

ОНЛАЙН ОКУУЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМЫ

Сүрөттө: Кемин №1 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Сакина Абылгазиева.

Коронавирус пандемиясынын жайылышына бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында окуучулардын, алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдар өз үйлөрүндө, ата-энелеринин көзөмөлүндө отурушуна жана алардын сабактарынын үзгүлтүккө учурабоосуна кам көрүп жатышкан мугалимдердин баа жеткис эмгегин биз дагы баса белгилеп коюубуз абзел.

Мугалимдердин үзгүлтүксүз сабак өтүүсүнө кам көрүшкөн облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору аларды усулдук материалдар менен жабдып, онлайн-семинарларды уюштуруп, жакындан жардам беришүүдө.

— Мектеп жабык болгону менен мугалимдер тыным алган жок. Ар бир класс жетекчи жеринде өзүнүн классына түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, мектеп директорлору окуучулар жана мугалимдер онлайн режиминде кандай иштерди аткарып жаткандыгы жөнүндө билим берүү бөлүмдөрүнө байма-бай кабарлап турушат.

ОНЛАЙН ОКУУЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМЫ

Ушундай пайдалуу иш-чаралардын бири жакында эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында болуп өттү. «Кесиптик чеберчилик жана педагогикалык компетенттүүлүк — сапаттуу билим берүүнү камсыздоодогу негизги фактор» деп аталган облустук семинар, жалпысынан педагог кадрлардын кесиптик чеберчилигине арналды. Семинарга катышкан Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Раимбек Султанов бул тема учурда өтө актуалдуу болуп жатканын, билим берүү сапаты, жеткиликтүүлүгү мугалимдин гана кесиптик жогорку чеберчилигине түздөн-түз байланыштуу экендигин белгиледи.

ОНЛАЙН ОКУУЛАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМЫ

Менин жеке баамымда, бул семинар жеке эле мугалимдер жамааты үчүн эмес, жалпы мектеп окуучулары үчүн да өтө маанилүү болду. Семинарды жогорку деңгээлде уюштурган мектеп директору Дарига Сартбаева жетектеген эмгек жамаатынын, айрыкча окуучуларынын ар ишке активдүүлүүгү купулубузга толду. Ийрим катышуучуларынын күчү менен даярдалган этно-музей, кол өнөрчүлөр көргөзмөлөрү, 50 комузчу күү чертип, жаш манасчылар манас айтканы, айтор ушул көрүнүштүн баары катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге, баарыбыздын алдыда дагы чыгармачылык менен изденип иштешибизге дем-күрч берерине терең ишенем,-дейт Кундуз Абдраева.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер