ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ БЕКЕР ОКУШАТ
- 14.11.2023
- 0
Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте орус тили боюнча Акмулла олимпиадасы облустун жалпы билим берүүчү уюмдарынын 11-класстарынын окуучулары үчүн олимпиада өткөрүлдү. Жалпысынан олимпиадага облус боюнча 400дөн ашык окуучу катышты.
Олимпиаданын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы кол коюлган келишимди ишке ашыруунун алкагында биздин республикада иштей турган биргелешкен билим берүү уюмдары үчүн педагогикалык кызматкерлерди даярдоо.
— Аталган олимпиаданын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын август айындагы жайкы мектепке окууга тандалып алынат жана жеңүүчүлөр үчүн бардык шарттар каралып, жол кире, учак билети, жатакана ж.б. шарттар бекер уюштурулат. Ошондой эле олимпиада жеңүүчүлөрү Уфа шаарындагы М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинде бюджеттик негизде окуй алат. Декабрь айында кезектеги иш сапар Уфа шаарында болмокчу. Ошону менен катар аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Орусиянын каржылоосу менен 2027-жылы Талас шаарында ачыла турган жалпы орто билим берүү мекемелерине иштөө укугуна ээ болот. 2023-жылдын апрель айында Кыргызстандагы мыкты деген 50 окуучу тандалып, жеңүүчү аталган. Алардын ичинен эки окуучу Талас шаарынын окуучулары болгон, — дейт Талас райондук усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер