ОЛИМПИАДАДА БИШКЕК АЛДЫДА. ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ
- 14.04.2025
- 0
Республикалык олимпиадада борбордон 18 окуучу жеңүүчү аталып, республика боюнча Бишкек биринчиликти алды. Ош шаары экинчи орунда болсо, 3-орунда Чүй, 4-орунда Ысык-Көл.
№ | Аймак | 1-орун | 2-орун | 3-орун | Жалпы | Орун |
1 | Бишкек шаары | 10 | 2 | 6 | 18 | I |
2 | Ош шаары | 3 | 5 | 2 | 10 | II |
3 | Чүй областы | 2 | 5 | 2 | 9 | III |
4 | Ысык-Көл областы | 2 | 0 | 2 | 4 | IV |
5 | Нарын областы | 0 | 1 | 3 | 4 | IV |
6 | Жалал-Абад областы | 0 | 3 | 1 | 4 | IV |
7 | Талас областы | 0 | 1 | 1 | 2 | V |
8 | Баткен областы | 0 | 2 | 0 | 2 | V |
9 | Ош областы | 0 | 0 | 1 | 1 | VI |
Бардыгы | 17 | 19 | 18 | 54 |
Бүгүн мектеп окуучуларынын Республикалык жана Улуттук олимпиадалары жыйынтыкталды. Республикалык олимпиада 12 окуу предмети боюнча өтүп, жыйынтыгы боюнча 54 окуучу байгелүү орундарга ээ болду. Ал эми Улуттук олимпиадада 75 окуучу жеңүүчү аталды.
Сыйлоо аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мыктыларды куттуктады.
– Билимдүү жаштарсыз Кыргызстандын келечеги жок. Бул жерде бир жарым миллион баланын арасынан 348 бала тандалып келип ийгиликтин сересинде отурасыздар. Бул чек болбосун. Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир гана айырма бар, ал – эрк. Сиздердин алдыңарда океандай мүмкүнчүлүк бар. Билимиңер менен биз кыялданган кыялдарга силер жетет деп ишенебиз, – деди министр.
Олимпиада зээндүү окуучуларды колдоо, мыкты мугалимдерди аныктоо максатында жыл сайын өткөрүлөт.
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү жобо боюнча экономикалык, медициналык, педагогикалык окуу жайларга сынаксыз өтүүгө мүмкүнчүлүк алса, аларды даярдаган мугалимдерге биринчи орунга 10 000, экинчи орунга 7000, үчүнчү орунга 5000 сом шыктандыруучу акы катары негизги айлыгына кошумча бир жыл бою төлөнөт.
Сынак кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили жана химия, математика, информатика, физика, биология, география, тарых предметтери боюнча өткөрүлдү.
Ал эми Улуттук олимпиада беш предмет боюнча өттү: математика, химия, биология, физика, информатика. Бул олимпиаданын жыйынтыгы менен жеңген окуучулар эл аралык олимпиадага жолдомо алышат. Мамлекет алардын чыгымдарын төлөп берет, даярдаган мугалимдерине болсо 200 000ден 500 000ге чейин бир ирет төлөнүүчү сый акы берилет.
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү: тизме
Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү: тизме
Эльвира Какиева, «КБ»
Комментарийлер