ОКУУЧУНУН АГАЙЛАРГА БОЛГОН СЫЙ-УРМАТЫ

  • 31.01.2023
  • 0

“Креатив-Таалим” ББКда эмгек жамааттын жарымын агайлар түзөт.

ОКУУЧУНУН АГАЙЛАРГА БОЛГОН СЫЙ-УРМАТЫ

Фейсбукта Гүлкайыр Мамасалиева деген эне “Креатив-Таалим” ББКсынын башталгыч классынын окуучусу, кызы  Нузара менен окуган китептериндеги түшүнбөгөн сөздөрүн блокнотко жазып же астын чийип коёт экен.

— Аны чогуу талкуулайбыз, түшүндүрүп берем, эсинде жакшы калсын деген максатта ошол сөздөргө сүйлөм түзүүнү сунуш кылам. Анан ушинтип сүйлөм түзгөн экен. Саркеч кийингени Токторбой агай, жароокери Ишен агай, сүйкүмдүү жана сулуусу Алмаз агай, сымбаттуусу Замирбек агай. Бала көргөнүн, сезет жазат экен. Токторбой агайынын түрдүү калпактары кызыктырат окшойт сыягы. Агайларын өзгөчө сыйлап, урматтайт. Айткандарын так аткарууга аракет кылат. Жадагалса онлайн сабак учурунда дене тарбиядан көнүгүүлөрдү күндө чогуу кайталап жаттым. Музыка сабагынан ыр жаттап, музыкатерапия менен алектендик… Ии баса, Ишен агайын интернеттен кайсы бир ТВнын программасынан башкалар менен ырдаганын көрүп калган экен, бизден кеттиби деп кыйла кыжаалат болуп жүрдү.  Бар болуңуздар агайлар, сиздер мыктысыздар! – деп жазган өз баракчасында эне.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер