ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ КАНИКУЛУ 21-МАРТТА БАШТАЛАТ

  • 17.03.2022
  • 0

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-мартта башталат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2021-2022-окуу жылына карата Базистик окуу планына ылайык жазгы каникулдун узактыгы 10 күндү (2022-жылдын 21-мартынан 30-мартына чейин) түзөт.
Белгилей кетсек, мектептерде кайра cабак 2022-жылдын 31-мартында башталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер