ОКУУЧУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК АСТРОНОМИЯЛЫК ТУРНИРИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  • 16.03.2020
  • 0

Кыргызстанда «XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун алкагында 2020-жылдын 21-апрелинен 24-апрель аралыгында Окуучулардын астрономиялык турнири өтөт.

Окуучулардын астрономиялык турнири (АСТРОТУРНИР) – бул, 7-11-класстардын окуучуларынын изилдөөчүлүк жана илимий проблемаларды чечүүдө, өздөрүнүн чечимдерин ынанымдуу бере алышы, илимий талкууларда – «салгылаштарда» аларды негиздеп берүүдөгү командалык таймашы.

«XXI кылымдын интеллектуалдары» Эл аралык жаштар конкурсу жөнүндө жобого ылайык, АСТРОТУРНИРДЕ жеринде милдеттүү тартипте конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын командалары катышат. «XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун өткөрүүчүлөрү тарабынан чакырылган КМШ жана ыраакы чет өлкөлөрдөн келген 7-11-класстын окуучулары Астротурнирдин катышуучуларынан боло алышат.

Командалар илимий дискуссияларга – «салгылаштарга» катышат, ага катыша турган командалардын саны, «салгылаштарды» өткөрүүнүн эрежеси жана ирети АСТРОТУРНИРДИН Регламенти менен аныкталат.

АСТРОТУРНИРДЕГИ командалардын сандык курамы: 5 адам. Команданын жекелик курамы АСТРОТУРНИРДИН башынан-аягына чейин өзгөрбөйт. Команданы  капитан жетектейт. Ал АСТРОТУРНИР өткөн учурда команданын расмий өкүлү болуп саналат. Команданы бир жетекчи коштойт. Ал команданын мүчөсү болуп саналбайт.

Калыстар Астротурнирди өткөрүү мезгилинде Уюштуруу комитети тарабынан түзүлөт. Калыстардын курамында иш алып барууга илимий жана окуу мекемелеринин кызматкерлери жана окутуучулары тартылат. Командалардын жетекчилери дагы калыстар тобунун курамына киргизилет.

Тапшырмалардын топтомунун акыркы вариантын түзүү АСТРОТУРНИР башталганга чейин 1 ай калганда ишке ашырылат жана БРИТА «Алтын түйүндүн» rdita.kg. расмий барагында жайгаштырылат.

Командалар илимий дискуссияларда – «салгылаштарга» катышат:

а)ТАНДОО салгылаштарында бардык командалар катышат; анын саны командалардын санына жараша болот.

б) ФИНАЛДЫК салгылашта тандоо салгылашынын жыйынтыктарынын суммасы боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн эки, үч же төрт команда катышат.

Тандоо салгылаштарынын ар бир сериясы үчүн (биринчи салгылаш, экинчи салгылаш…) топтор боюнча командаларды бөлүштүрүү уюштуруу комитети тарабынан ишке ашырылат.

 Биринчи тандоо салгылашы көрсөтмөлүү болушу мүмкүн. Көрсөтмөлүү салгылаш АСТРОТУРНИРДИ ачуу күнү өткөрүлөт, ага N команда катышат, эреже катар, N=3. Биринчи кезекте, бул N командаларды тандоо каалоо боюнча ишке ашырылат.

«Салгылаштарга» сунушталуучу техникалык каражаттар – доска, бор,  плакаттарды чаптоочу жер. Тапшырмаларды компьютерде презентациялоо үчүн техникалык каражаттардын болушу атайы эле караштырылбайт.

Салгылаштар үчүн тапшырмаларды тандоо

Башында калыстар тобу буга чейинки тандоодо баяндалган жана оппоненттелген тапшырмалардын тизмесин жарыялайт (командалардын биринчи салгылашында мындайлар болбойт). Калган тапшырмалардын ичинен салгылашка тапшырмалар тандалат. Эгер ашып калган тапшырмалар салгылашка катышкан командалардын санынан азыраак болсо, буга чейин командалар тарабынан оппоненттелген (бирок, маалым болбогон) тапшырмалар оюнга киргизүүгө мүмкүн боло тургандардын катарына кайтарылат. Калып калган тапшырманын ичинен кезеги боюнча (адегенде – жашырын, калыстарга тизме сунуштоо аркылуу, андан кийин калыстардын суроолоруна жооп берүү менен ачык эле) салгылашка катышып жаткан командалардын саны менен бирдей болгонго чейин аларды чыгарып жүрүп отурушат.

Окуучулардын астрономиялык турнирине катышуу үчүн табыштамалар онлайн режиминде берилет. Каттоонун башталгандыгы тууралуу маалымат БРИТА «Алтын түйүндүн» rdita.kg сайтына жайгаштырылат.

Турнирдин тапшырмасы

  1. Кометанын саякаты. Жалгыз жүрүүчү кометалардын көбү Күн Системасына Оорта Булутунан аркылуу түздөн-түз кирип кетет. Бул саякатты жасоо үчүн кометага канча убакыт сарптала тургандыгын эсептегиле. Оорта Булуту Күндөн 35000 а.б. аралыгында, жана анда турган комета өз орбитасынын афелиясында турат деп болжолдойлу.
  2. Жылдыздардын саны. Диаметри 40пк шар түрүндө топтошуудагы жылдыздар топтошуунун четинде саатына 6 км ылдамдыкта жана алардын көбү күн тибинде боло турган болсо алардын санына баа бергиле.
  3. Космоско секирик. Космоско секирүүгө боло турган астероиддин чектүү өлчөмүн баалагыла?
  4. Айдын дискиндеги асман. Учурдагы географиялык кеӊдикте бардык асманды жаап калыш үчүн Айдын канча диски зарыл экендигине баа бергиле? Асманды толук жаап калуу же айларды бири-бирине тыкыс койсок, айдын тегерек формасынан улам жыртыктар болот го?
  5. Астрономиялык каталардын постери. Сүрөтчүлөр астрономиялык көрүнүштөрдү тартууда катачылык кетире турган астрономиялык каталардын постерин түзгүлө.
  6. Жылдыздын массасы. Жылдыздын спектрине талдоо жүргүзүү анын натыйжалуу температурасын жана катмардагы оордук күчүн тездетүүнү аныктоого жол берди. Байкоолордон улам жылдыздын көрүнөөрлүк жылдыздык чоӊдугу жана бурчтук секундалардагы жылдык параллаксы дагы белгилүү болгон. Бул маалыматтарга ээ болуу менен, жылдыздын массасын аныктоого болобу? Эгер боло турган болсо, кантип, эгер болбой турган болсо, эмне үчүн?
  7. Байыркы гректер. Бардыгы жылдыздуу асман 88 топ жылдызына бөлүнөөрүн билишет. 2020.24.03. түнкү саат 2деги силердин географиялык кеӊдиктин жылдыздуу асманынын түрүн аныктагыла. Анан жылдыздуу асмандын бул түрүнө негизделүү менен, силер байыркы грекпиз деп элестетип койгула, жана жаӊы топ жылдыздардын жаӊы караандарын ойлоп тапкыла.
  8. Ломоносовдун телескобу. Михаил Васильевич Ломоносов «Ломоносов-Гершелдин схемасы» катары белгилүү телескоп-рефлектордун өзгөчө схемасын иштеп чыккан. Ньютондун классикалык рефлекторунун алдында бул схеманын артыкчылыктары жана анын кемчиликтери кандай болгондугун тактап чыккыла. Эмне себептен схема XVIII кылымдын акырында активдүү колдонулган, бирок азыркы кезде колдонулбайт?
Бөлүшүү

Комментарийлер