ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

  • 18.03.2020
  • 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуунун дистанттык түрү уюштурулуп жатат. Алар: онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабият китептери, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

Ведомствонун маалымат кызматынын тараткан маалыматына карасак, окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган. Бул окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн.  Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим Булагы мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html  http://bb.edu.gov.kg/index.php.

— Мындан сырткары каникул мезгилин натыйжалуу колдонуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги KSMS-Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен өнөктөштүктө мектептер менен окуучулардын онлайн аракеттенүүсү боюнча баштапкы форманы киргизип жатат. Онлайн ресурстарды колдонуу менен окуучулар окуу программасынан узак мөөнөткө алыстап кетпейт жана календардык-тематикалык пландан артта калбайт. Бул инструментти ар кайсы гаджеттерде колдонсо болот, — дейт маалымат-катчы Акылбек Орзматов.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу чечимине ылайык, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча кесиптик билим берүү уюмдарына (кыска мөөнөттүү окуу курстары — жалпы республикалык тестке даярдоо, тил курстары, компьютердик курстар, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо), менчигинин формасына жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, 2020-жылдын 17-мартынан 8-апрелине чейин өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турууну сунуштайт.

Орто кесиптик билим берүү

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде ар бир мугалимге карантин учурунда өз предметтери боюнча практикалык, семинардык же лабораториялык сабактар үчүн бирден кем эмес методикалык көрсөтмө  иштеп чыгуулары милдеттендирилген.

— Андан тышкары мугалимдер бирден электрондук китеп,  бирден лекциялардын электрондук  конспектисин, бирден кем эмес көрсөтмө курал (чакан макет түрүндө),  бирден кем эмес предметке бардык лекцияларына электрондук слайддарды даярдап чыгуулары тийиш. Мындан тышкары дистанттык окутуу  үчүн ар бир сабакка кыскача 15-20 минуталык видеосабактарды даярдашты.  Интернет, инстаграмм, телеграмм, ватсап ж.б.у.с. заманбап технологияларды колдонуу менен студенттерге аралыктан   видеосабактарды жөнөтүп жатышат. Каникулдан келгенден кийин берилген тапшырмалар боюнча студенттер модуль тапшырышат. Бардык мугалимдер колледждге келип, өздөрүнө бекитилген кабинеттерди толугу менен дезинфекциялап жатышат, — дейт колледждин директору, техн.и.д., профессордун м.а. Жыргалбек Шаршембиев.

Ал эми К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде  да окуу процессинин үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн дистанттык окутуу технологияларынын негизинде окуу процесси жүргүзүлүп жатат.

— Дистанттык технологиянын түрлөрү: Whats Аpplication, Skype программалары; mail.ru, gmail.com электрондук почталары; “Булут” технологиялары (Облако, Google Disk); PrintScreen каражаттары; AVN (avn.badk.kg) порталы аркылуу окутуу жүргүзүлүүдө, — дейт окуу жайдын директору, техн.и.к. Асылбек Алымкулов.

“Креатив-Таалим” билим берүү комплекси

“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде алгылыктуу иштер жүрүүдө. Замандын талабына жараша көрөгөчтүк менен иш жүргүзгөн, жалпы жамаатты туура багытка багыттап, ар бир мугалимдин  креативдүү, чыгармачылык менен иштөөсүнө эң сонун шарттарды түзүп берген мектептин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын колдоосунда мугалимдерди заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча атайын онлайн жана оффлайн окутуу курстары уюштурулуп жатат.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

— “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде учурдагы кырдаалга карата,  окуучулардын билимин үзгүлтүккө учуратпоо максатында оперативдүү иш-чаралар жасалып, убактылуу “Онлайн мектеп” платформасы иштелип чыкты. Бул платформанын негизинде эми окуучулар менен мугалимдер бирдиктүү сайтта окууларын улантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Мугалимдер күнүмдүк сабакка тиешелүү материалдарын (видео, текст, тест, тапшырма) күнүнө сайтка жайгаштырып турушат. Окуучулар болсо, жүгүртмөгө ылайык берилген тапшырмаларды үйүнөн ар кандай түзүлүштүн негизинде аткарып, мугалимдерге жөнөтүп турушат.  Албетте, бул убактылуу кырдаалдан чыгуу жолу болуп саналат. Бирок мунун артынан толук мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон “Онлайн мектеп” долбоорунун идеялары талкууланып, анын негизги концепциялары, техникалык тапшырмалары иштелип чыгууда.  Азыркы жасалган убактылуу платформабыз ушул негиздеги иштерибиздин оң, терс жактарын көргөзүп, кандай иштерди алдыда аткаруубуз үчүн негизги тесттик каражат катары да кызмат кылууда десек болот, —  дейт информатика жана физика мугалими Касымбек Жунусалиев.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

Ошондой эле жалпы мугалимдер жана окуучулар үчүн ЭлТРдин илим, билим каналы менен бирдикте 4-чейрекке окуу планынын негизинде физика, математика, кыргыз тили, адабияты, химия предметтери боюнча  телесабактарды тартуу иштери жүргүзүлүп жатат.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

Ош шаары

Ош шаарындагы мектеп мугалимдери да карантин учурунда сабактарды онлайн түрүндө уюштура баштады. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

— 2019-2020-окуу жылынын III чейрегинин соңку аптасындагы, ошондой эле IV чейректин башындагы (карантин учурундагы) сабактар календарлык пландын негизинде 30 мүнөттүк убакытка ылайыкташтырылып, онлайн түрүндө уюштурулууда. Онлайн сабактарды өтүү мектептик медиа-бурчтардын, мугалимдердин ютуб каналдары, ошондой эле фейсбук, инстаграм баракчаларынында түз эфир аркылуу да ишке ашат. Алдыңкы делген сабактарды жергиликтүү телеканалдар аркылуу да жайылтылууну пландап жатабыз,  — дейт Т. Досмуратов.

Кошумча билим берүү

—    Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору, ааламды каптап келе жаткан коронавирустан сактоону үчүн, көптөгөн иштерди өткөрүп жатат. Сабактар өткөн жерлерди дезинфекциялап, борбордун кире беришине санитайзерлерди орнотуп, окуучулар  үч жумалык эс алууга жиберилди. Үч жума  биздин окуучулар үчүн  көп убакыт. Ошондуктан биздин мугалимдердин жааматы онлайн-сабактарды  компьютер, телефон аркылуу өтүп жатышат. Бул  сабактар   балдарды мектепке даярдоо студиясында — Боровикова Н.А., элдик «Азия- Нур» ыр жана бий студиясынын жетекчиси — Намазбеков Н.С., «Ариет» хореографиялык студиясынын жетекчиси — Мельникова Л.А.,  элдик  «Шаттык» бий ансамблинин жетекчилери, ушу «Чжун-дао» мектебинин , таэкван-до секциясынын жетекчилери  ж.б., — дейт борбордун директорунун орун басары Ира Балтабаева.

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

ОКУУЧУЛАР, СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН ОКУТУУЛАР

Бул сабактар балдарды, өтүлгөн темаларды кайталап, унутуп калбай, эшикте жөн эле көчө таптап жүрүп албай, мугалим менен  көнүгүүлөрдү жасап, бардык темаларды күнүгө кайталоо. Ошондой эле  мугалимдер  «коронавирус» жөнүндө  вирусту  алдын алуу боюнча  түшүнүк берип жатышат. Жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуу кааналарында, аудиторияларында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү, окуучуларга жана ата-энелерге кандай иш-чараларды жүргүзүү керектигин жеткирүүнү сунуш кылат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер