ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛОТ

  • 11.03.2023
  • 0

 

ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛОТТокмок шаарындагы №5 мектептин базасында окуучу кыздар үчүн тигүү кабинети ачылды. Аны Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев ачып, катышуучуларды жылуу куттуктады.

Салтанаттуу түрдө лента кесип жатып мэр бүтүрүү класстарынын окуучуларына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

— Жогорку класстын окуучуларына кесип үйрөткөн курстар Чүй облусу боюнча алгачкылардан болуп ачылып жатканын белгилеп кетким келет. Биз ушуну менен эле токтоп калбай, жылдын аягына чейин шаарыбыздагы бардык мектептерге ачууну пландап жатабыз. Ал үчүн бардык керектүү каражаттар менен каржылайбыз. Мисалы, №5, №9 жана №11 мектепте кыздар үчүн тигүүчү техникаларды орнотууга Чүй райондук администрация жетекчилиги менен бирге бир жарым миллион сом бөлүп бердик. Жакында эркек балдар үчүн машина оңдоочу курс ачып, тиешелүү техникаларды орноштуруп беребиз, — деди.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Алмакуновдун маалыматы боюнча 10-11-класстарда 2178 окуучу билим алууда. Анын ичинен кыздар -1393, ал эми кошумча билимге тартылганы – 230 окуучу, бул жалпы балдардын 17% түзөт.

— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесинде белгиленген жана Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030-жылдарга карата өнүктүрүү концепциясынын кошумча билим берүү бөлүмүн ишке ашыруу максатында, 2022-2023-окуу жылында 10-11-класстын окуучуларына кошумча билим берүү иштери жигердүү уюштурулууда. 10-11-класстын окуучулары окуусун аяктагандан кийин жөн гана жалпы орто билимге, аттестатка ээ болбостон, кошумча бир кесиптин ээси болуп, колуна кошумча сертификат алып чыгышы учурдун талабы болууда. Ошол себептен окуучулардын арасында анкета жүргүзгөнүбүздө, кыздар арасында тигүүчүлүк адистигине, балдар арасында автомашиналарды оңдоо адистигине кызыккан окуучулар көп экендиги белгилүү болгон. Алардын максаттарын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте мектептерде атайын курстарды ачуу пландаштырылган, — дейт.

ОКУУЧУЛАР КОШУМЧА КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛОТ

Жогоруда белгилеп кеткендей, билим берүү адистеринин бул демилгесин Токмок шаарынын мэриясы колдоп, 1 млн сом бөлүп берген, ага 23 тигүү машинасы сатылып алынган. Ага удаа эле Чүй районунун мамлекеттик администрациясы бөлүп берген 600 миң сомго дагы 12 тигүү машинасы алынган.

Азыркы күндө Чүй районунун балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда, Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейинде, №9 орто мектепте тигүү машиналары орноштурулуп, иштей баштады.

2023-жылдын май айына чейин Токмок шаарынын №11 мектеп-лицейи 120 окуучуну, №9 орто мектеби 50 окуучуну тигүүчүлүк адистигине даярдап чыгарууну пландаштырууда. Учурда Чүй районунун өспүрүм балдардын чыгармачылык борборунда 60 окуучу кошумча билим алып жатат.

Жакынкы арада Токмок шаарынын №11 мектеп-лицейинде балдар үчүн автодиагностика курсу ишке киргизилмекчи. Бул №11 мектеп-лицей өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мектеп-лицейдин директору Жамал Балбакованын айтымында, бул окуу жай адегенде эле балдарды кесипке үйрөтүү максатында ачылган.

— Биздин мектеп-лицей билим берүү тармагынын ардагери, кыйла жыл билим берүү министри болуп эмгектенген маркум агайыбыз Мукаш Базаркуловдун демилгеси менен 1995-жылы уюштурулган. Ал илгери союздан калган окуу-өндүрүш комбинатынын негизинде мектеп-лицей болуп ачылып, үй-бүлөлүк социалдык абалы колдоого муктаж балдарды кесипке үйрөтүүгө багытталган. Ошондон бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан мектептин базасы абдан күчтүү, аны ата-энелер да жакшы колдоп келет.

Мына эми мэриянын, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен жайылтылып жаткан окуу курстарына жакшы база болуп берүүдө. Ачылып жаткан курстарга биздин мугалимдер сабак беришет, — дейт ал.

Жамал Султаналиевнанын айтымында, №11 мектеп-лицейдин Саида Мусаева, Салтанат Үмөталиева сыяктуу тажрыйбалуу мугалимдери окуучуларды кесипке даярдоодо өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, колдоо көрсөтүшүүдө. №11 мектеп-лицейге келген окуучулар эки жылдык, бир жылдык жана алты айлык курстарды окуп, заманбап кошумча билимге ээ болуп чыгат.

Биз Салтанат Үмөталиеванын жаңы ачылган тигүү кабинетинде окуучу кыздарга тигүү иши боюнча өтүп жаткан алгачкы сабагын көрүп чыктык.

— Өзүңүздөр көргөндөй, 10-11-класстардын кыздарына тигүүнүн бардык сырларын үйрөтүп, сертификат беребиз. Кыздардын ичинен мыкты өздөштүргөндөргө категория ыйгарылат. Бир жылдын ичинде окуучуларга үч папка ачылат да, конструктирлөө, ченем алуу, моделдөө ыкмаларын үйрөнүшөт. Андан соң, кийимдин ар бир бөлүгүн иштеп чыгабыз. Кыздар адегенде этек жапкыч, ич көйнөк сыяктуу эң жеңил түрлөрүн тиге баштайт. Андан сырткары сыдырма тиккенди, чөнтөк салганды үйрөтөбүз. Тигүү боюнча бардык китептер, методикалык колдонмолор бар. Керектүү программалардын баарын өзүбүз даярдап, китепче кылып чыгарып алганбыз. Жумасына бир жолу алты саат сабак окутулат. Теориядан кийин дароо эле практикага өтүп, анан белгиленген мөөнөттө толук курсту аяктап чыгабыз — деп, окутуу ыкмаларын айтып берди.

Мугалимдер окуучуларга кулач, арыш, сөөм, бир карыш сыяктуу кыргыздын узундук чен бирдиктерин кошо окутат. Ушул эле жерде боз үйдү жасоодо геометриянын колдонулушун чечмелеп, CTEAM технологияларын да пайдалана билүүнү үйрөтөт. Маселен, класстагы дубалдарда тартылган боз үйдүн жасалгаларын эле эмес, геометриялык түрлөрүн, сулуулуктун мыйзамдары математикада кандай ченемде көрүнөрүн, жада калса бир руллон кездемеден канча этек жапкыч тигүүгө болорун эсептегенди билип чыгат.

Элзана Малинова үйдө беш бир туугандын улуусу. Өзү кийим тигүүгө бала кезинен кызыгат. Келечекте тигүүчү болгусу келген өспүрүм кыз айрыкча кыргыздын кийимдеринин ар кандай түрлөрүн тигүүдөн тышкары, башка улуттардын да улуттук кийимдерин тиккенди үйрөнгүсү келет. Элзана сыяктуу кыздардын мүдөө-тилегин ишке ашырып, аларга мына ушундай эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышканын айткан Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраева айрыкча кыздар үчүн кошумча билим алуунун маанисин белгиледи:

— Ушундай мектеп гимназиянын базасында биринчи жолу кошумча билим берүү боюнча бекер тигүүчүлүк курсу ачылып жатат. Мындай курстарды ачуунун негизги максаты – бүтүрүү класстарында окуган кыздарга жана балдарга заманбап билим берүү. Мында биринчиден, окуучулар убактысын үнөмдөй алат. Экинчиден, мектептен бир эле убакытта аттестат жана сертификат алып чыгат, — дейт.

Жолугушуунун соңунда Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Алмакунов билим берүү тармагына жакындан колдоо көрсөтүп келаткан шаардын мэрине, жергиликтүү кеңешке жана башка демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирүү менен бирге, алдыда дагы арбын ийгиликтерди багындыруу багытында белсенип эмгектене беришерин убадалап өттү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,  “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер