ОКУУЧУЛАР БИОЛОГИЯ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОМАНДАЛЫК ЭСЕПТЕ БИРИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
- 19.05.2025
- 0
2025-жылдын 10–17-майда быйыл биринчи жолу Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу Ачык Эл аралык Олимпиада өттү. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттуу мектеп окуучулары катышты.
Окуучулар үч баскычта күч сынашты: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар. Кыргыз Республикасынын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.
Жекече жыйынтыктар:
Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль
Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль
Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль
Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль
Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль
Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль
Команданы даярдаган машыктыруучулар курамы:
Башкы машыктыруучу – Эльбрус Тажибаев
Башкы машыктыруучунун орун басары – Оксана Алексеевна Шубина
Олимпиадага даярдоо ишин жүргүзгөн – Olympiad League Academy командасы
Комментарийлер