ОКУУЧУ КЫЗ КАНИКУЛДА ТУРМУШКА ЧЫГЫП КЕТКЕН

  • 13.01.2018
  • 0

Токтогул районундагы орто мектепте билим алган эки окуучу кыз кышкы эс алуу учурунда турмушка чыкканы тууралуу социалдык тармактарда айтылып жаткан маалымат такталды.

Буга чейин маалым болгондой, алардын бири Т.Ормонбеков атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу болсо, экинчиси — Д.Турдуманбетов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Бул маалыматты маалымат каражаттарына Токтогул райондук билим берүү башкармалыгынан тастыктады.

Райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Зулпукарованын айтымында, 9-класста окуган кыздын турмушка чыкканы боюнча аталган мектептин директору билдирүү берген.

— Мага бүгүн эртең менен мектеп директору маалымат берди. 2002-жылы төрөлгөн кыз 9-класста окуп жаткан. Мектептин жетекчилигинин айтымына караганда, 11-январда окуу башталып, бирок ал кыз сабакка катышкан эмес. Мындан улам мугалимдер кыздын ата-энесин чакыртып, апасы кызынын турмушка чыкканын айткан. Апасынын айтымында, кызы өз каалоосу менен турмуш курду. Ал кызын кайындарынын үйүнөн алып келүү үчүн барганда жолдошун жакшы көрөрүн айтып, үйүнө кайтуудан баш тарткан. Мектеп директоруна да тапшырма берилди, ал окуучу кыз менен жолугуп, сүйлөшүп келет. Бул боюнча укук коргоо органдарына да маалымат берилди, — деди Д.Зулпукарова.

Ал эми, экинчи окуучу — 8-класстагы кыз ооруп жатканына байланыштуу кечээ мектепке барган эмес. Бул маалыматты окуучунун апасы тастыктаган.

Ал окуучу декабрь айында да сабакка катышпай калган күндөрү ооруганы тууралуу тактама берилген. Бул кызга байланыштуу маалыматтар да такталып жатат, — деп кошумчалады.

Ал белгилегендей, мектеп окуучуларына эрте никеге туруунун кыйынчылыгы, медициналык-биологиялык жактан зыяндуулугу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Райондо жашы жете элек кыздын турмушка чыгуусу боюнча буга чейин мындай факты катталган эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер