ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ

  • 27.12.2018
  • 0

2018-жылдын 20-декабрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнин Агротехникалык колледжде белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун атын берүү салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ ОКУУ ЖАЙГА CУЛТАН ИБРАИМОВДУН АТЫ БЕРИЛДИ

Бул  салтанатка Султан Ибраимовичтин балдары Эрмек Султанович, Айнура Султановна жана неберелери: Нурсултан, Бексултан жана Аяна,  замандашы жана кесиптеши  Мейраждин Зулпуевич Зулпуев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Иманалиев, Билим берүү жана илим  министрлигинин статс-катчысы  Ж.А.Ташиев, министрликтин алдындагы Илим департаментинин директорунун милдетин аткаруучусу Б.И.Баетов,   суу чарба департаментинин өкүлдөрү жана иш берүүчүлөрү,  университеттин ректору,  профессор Р.З.Нургазиев, декандар, кафедра башчылары, колледждин бүтүрүүчүлөрү  катышты жана сөз сүйлөштү. Агротехникалык колледжде Султан Ибраимовго атайын арналып жасалган “Эскерүү тактасын” ачуу аземи өттү. Султан Ибраимов жөнүндөгү фильм көрсөтүлдү.

Окуу жайдын студенти  Эрмаматова Альдина өзүнүн  улуу инсанга арнаган ырын окуп жана аны балдарына  белекке берди. Колледждин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чакан концерт тартууланды.

Бул  иш-чарада колледждин директору Осмонова Астра Сыдыкбековна улуу инсандын басып өткөн жолу жөнүндө анын чечкиндүүлүгү,  иш билгилиги, эмгекчилдиги мекенди чексиз сүйгөндүгү студенттерге чоң үлгү  болот жана анын атын  сыймыктануу менен алып жүрүүгө убада берерин билдирди.

Г.А., «КБ»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер