ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮ АЙКАЛЫШТЫРГАН ОКУУ ЖАЙ

  • 24.12.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, министрликтин, жалпы билим берүү тармагынын быйылкы жетишкен ийгиликтери жана кийинки жылга мерчемделген пландары менен тааныштырат. Иш-чара эркин аянтчада өтүп, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин жетишкендиктери да көрсөтүлөт. Быйыл орто кесиптик окуу жайлардын ичинен ири ийгиликтерге жетишип, окуу процессине инновациялык жаңылыктарды киргизе алган мекеме катары Кара-Балта техника-экономикалык колледжин бөлүп кароого болот. Бул колледж бир жылда сыра даярдоочу окуу-өндүрүштүк цехин жана бир катар заманбап лабораторияларын  ачканга, экинчи цехтин капсуласын салганга үлгүрүп, социалдык өнөктөштөрү менен бир катар келишимдерди түздү.

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮ АЙКАЛЫШТЫРГАН ОКУУ ЖАЙ

Учурда сыра даярдоочу окуу-өндүрүштүк цехи жана анын лабораториясы иштеп, кадимки ишканалардай сыра чыгарып жатат. Бул жакта окутуучулар илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышса,  инновациялык методдорду колдонуп студенттер эки күн окуу жайдан теориялык билим алышса, калган үч күнүн ушул цехтен өткөрүп, теориялык алган билимин практикалык ыкмалар менен бышыкташууда. Окуу жайдын жергиликтүү социалдык, ал тургай  коңшу казакстандык өнөктөштөрүнүн  адистери кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу максатында келе башташты.

  • Сыранын биринчи продукциясын чыгарууда жана өзгөчө рецепти ойлоп табууда Кара-Балта шаарындагы “Колос” ишканасы менен иштештик. Биздин чыгарган продукциябыздын өзүнүн бренди болуп, Кыргызстандын рыногунда ордун табат деген ойдобуз.  Азыр бизде Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо алган квалификациялуу адистерди даярдоого толук мүмкүнчүлүк бар. Окуу жайда мындай окуу-өндүрүштүк базанын ачылышы бүгүнкү эмгек рыногу талап кылган адистерди даярдоого жакшы шарт түзөт.   Илимий иш менен практикалык ишти айкалыштыруу студенттерге чоң өбөлгө болот. Чындыгында, Кыргызстан жогорку квалифициялуу адистерге муктаж. Эгерде биз окуткан студенттердин бир канча бөлүгү мекеме-ишканаларда иштеп кете алса, бул Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң ийгилик, — дейт окуу жай жетекчиси Трукмен уулу Тилек.

Жетекчинин айтымында, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу окуу-өндүрүштүк цехи жакынкы күндөрү курула баштайт. Бул цех эки нөөмөт менен иштеп, бир суткада бир тонна экологиялык жактан таза сүт чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса, жакынкы аралыкта  колледжге коңшу  жайгашкан үч райондун жана Кара-Балта шаарынын мектептери, бала бакчалары экологиялык таза сүт менен камсыз боло баштайт.

 

 

Дуалдык билим берүү системасы колго алынган

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮ АЙКАЛЫШТЫРГАН ОКУУ ЖАЙ

Бул цехтер жана окуу жайда  иш алып барып жаткан башка электр жабдуу, компьютердик технология, сүт жана сүт азыктары технологиясы, нан, кондитердик азыктар жана ун азыктарынын технологиясы, сенсордук анализ, ун өндүрүү лабораториялары дагы дуалдык билим берүү системасын ишке ашырууда чоң көмөкчү болот. Себеби колледждин студенттери эки күн теориялык билим алса калган күндөрүн ушул лабораториялардан өткөрүп, билимдерин бекемдешет. Ал тургай өздөрү азыктардын түрүн ойлоп табышып, аны чыгарууга мүмкүнчүлүк алышууда.

  • Окутуунун дуалдык формасысыз, өнөктөштөрсүз жана иш берүүчүлөрсүз окуу жайда кесипкөй адистерди даярдоо өтө кыйын. Ошондуктан биз окутуунун бул системасын колго алганбыз. Мындай ыкма билим берүүнүн салттуу формасынын кемчиликтерин жоюп, теория менен практиканын ортосундагы ажырымды жок кылат. Биздин мындай иш-аракетибиз Кыргызстанда дуалдык билим берүү боюнча нормативдик-укуктук документтердин топтомун иштеп чыкканга салымын кошту. Билим берүү жана илим министрлигинин жана өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен билим берүүнүн бул системасына толук кандуу өтүүгө даярдыктар көрүлүүдө, — дейт иш билги жетекчи.

 

Ишти алдыга жылдырган инвестиция

ОКУУ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮ АЙКАЛЫШТЫРГАН ОКУУ ЖАЙ

Колледж жогорудагы ийгиликтерге инвестиция тартуу жолу аркылуу жетишүүдө. Учурда бир катар эл аралык программалар менен иштешет. Мисалы, бир топ жылдан бери Германиянын эл аралык кызматташуу коомунун “GIZ” “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасы жана АБРдин “Кесиптик билим берүү жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү” эл аралык программасы менен тыгыз иштешип келет. Бул эки программа менен түзүлгөн келишимге ылайык 35 млн. сомдон ашуун каражат тартып, сегиз заманбап лаборатория ачып алышкан. Германиялык эл аралык кызматташтык коому “Нандын, кондитердик жана  макарон азыктарынын технологиясы”, “Сенсордук анализ”, “Сүт жана сүт азыктары технологиясы” лабораторияларын ачып берсе, Азия өнүктүрүү банкы “Электр жабдуу лабораториясын”, “Коомдук жайларда тамактанууну уюштуруу лабораториясын”, “Сантех жабдуулары лабораториясын”, заманбап компьютердик класс ачып берип, жатаканасын ремонттогон.

Окуу жайдын жергиликтүү ишканалар менен дагы кызматташтыгы бекем. “Кыргыз коньягы” компаниясы жыл сайын колледждин он мыкты студентине стипендия берип, аларга практикасын компаниядан өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Ал тургай мыктыларын тандап жумушка алып калат. Ошондой эле компания быйыл колледжин башкы имаратынын сырткы фасадын жана терезелирин которуп, 6 миллион сомго оңдоо иштерин аткарып берди.

Жакында эле Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге да кол коюшту. Андан сырткары Алмата экономикалык колледжи, Алмата сервистик тейлөө колледжи менен дагы үч тараптуу келишимге кол коюшкан.  Бул окуу жайлардын директорлору 2018-жылы түзүлгөн “Директорлордун клубуна” да мүчө болуп киришти.

Ушул жылдын июль айынан бери окуу жайда «АЮ Холдинг» жана “Наш голос” коомдук фонду менен биргеликте социалдык долбоор ишке ашырылууда. Долбоор балдар үйлөрүндө жана интернаттарда окуган томолой жетим балдарды колдойт. Анын негизинде жыл сайын он бүтүрүүчүгө Кара-Балта колледжинен билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул балдар колледжде акысыз окуп гана тим болбостон практикасын Холдингдин компанияларында өтөт жана окууну бүткөндөн кийин иш менен камсыз болушат. Андан сырткары алардын ар бири 23 жашка чыкканчакты материалдык жана насаатчылык колдоого алынышат.  Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн “АЮ Холдинг”  1 млн. сом бөлүп берген.

 

Окутуучулардын да борбору

Бул жылдагы окуу жайдын дагы бир жетишкендиги Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен  Чүй, Талас областтарындагы жана Бишкек шаарындагы башталгыч, орто кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борбору түзүлгөндүгү болду. Бул борбор жергиликтүү жана чет мамлекеттердин билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын, лаборанттарынын жана устаттарынын, насаатчыларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жардам берет. Борбордо алгачкы курстар өткөрүлүп, ондогон адистер чеберчилигин жогорулатууга жетишишти.

 

Тарыхы бай окуу жай

Бул колледж 73 жылдын ичинде жыйырма миңге жакын студентти окутуп, Кыргызстан гана эмес Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өндүрүшүн жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздап келет.

«Бүтүрүүчүлөрүбүздүн азык-түлүк өнөр жайынын бардык жагында иштеп жатканы бизди кубандырат. Иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрүбүздүн кесиптик даярдыгы боюнча жакшы ой-пикирлерин айтып келишет. 2004-жылдан баштап  замандын талабына ылайык башка адистиктер дагы ачылган. Учурда колледжде технология жана механика, контракттык билим берүү, жалпы билим берүү даярдыгы, сырттан окутуу, инвестиция тартуу боюнча эл аралык бөлүмдөрү, Кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору, Карьера жана ишке орношууну өнүктүрүү борбору иш алып барат. Эмгек жамаатта 45 инженердик-педагогикалык кызматкер иштейт. Анын бирөө техника илимдеринин кандидаты болсо, экөө аспирант, 18 билим берүүнүн отличниги. Инженердик-педагогикалык кадрлардын 80% жогорку жана биринчи категориясы бар. 17 окутуучу GIZ “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” жана АБРдин “Кесиптик билим берүү жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү” эл аралык програмалары аркылуу Германиянын, Казакстандын, Тажикистандын алдыңкы окуу жайларында жана иш каналарында билимин, кесиптик деңгеээлин жогорулатып келишкен, — дейт Трукмен уулу Тилек.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер