ОКУУ КИТЕПТЕРИ: АЙМАКТАРДАГЫ АЧЫК ДИАЛОГ

  • 22.04.2026
  • 0

Агартуу министрлигинин “Окуу китеби” басма үйүнүн кызматкерлери Нарын облусу жана түштүк региондордо өткөрүлгөн жолугушуулардын алкагында мугалимдер жана билим берүү өкүлдөрү менен 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн математика боюнча окуу-методикалык комплекстер боюнча талкуу жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулардын суроолору, сунуштары жана пикирлери чогултулуп, аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, жолугушуунун башталышында жана жыйынтыгында катышуучулардын баштапкы жана кийинки ойлору салыштырылды.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ: АЙМАКТАРДАГЫ АЧЫК ДИАЛОГ

Жолугушууга 745 мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары катышып, окуу программасынын стандарттарга шайкештиги, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуулук, 12 жылдык билим берүүнүн ЖРТ жана башка тесттер менен байланышы, темалардын ырааттуулугу жана мазмуну жана башка негизги маселелер көтөрүлдү.

Көтөрүлгөн суроолорго так жана негиздүү жооп берүү максатында бир катар иш-чаралар уюштурулуп, катышуучуларга кеңири маалымат берилди. Жолугушуулардын алкагында атайын даярдалган презентациялар аркылуу окуу-методикалык комплекстердин (ОМК) түзүлүшү, мазмундук өзгөчөлүктөрү жана колдонуу тартиби түшүндүрүлдү. Ошондой эле окуу программаларынын мамлекеттик жана предметтик стандарттарга шайкештиги негизделип, алардын билим берүүдөгү орду баса белгиленди.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ: АЙМАКТАРДАГЫ АЧЫК ДИАЛОГ

Практикалык тапшырмалардын ролу өзүнчө каралып, алардын окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү мааниси жана сабак учурунда натыйжалуу колдонуу жолдору көрсөтүлдү. Мындан тышкары, математика боюнча ОМКлар дидактиканын негизги принциптерине — системалуулукка, улануучулукка жана жеткиликтүүлүккө — толук жооп берери белгиленип, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдин ролу өзгөчө белгиленип, методикалык колдонмолордун практикалык мааниси тууралуу да кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуу-методикалык комплекстердин мазмуну эл аралык изилдөөлөргө таянып иштелип чыкканы айтылып, бул алардын сапатын жана актуалдуулугун тастыктаары белгиленди.

 

Математика окуу китебинин координатору Үпөл Керимканованын айтымында, жолугушуулар учурунда мугалимдер жана билим берүү өкүлдөрү тарабынан бир катар маанилүү суроолор жана сунуштар айтылды. Айрыкча, өзбек тилдүү мектептерди окуу китептери менен камсыздоо мөөнөтү, ошондой эле китептердин көлөмү менен салмагына байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, окуу китеби менен жумушчу дептердин шайкеш келбегени, окуу программаларынын мамлекеттик жана предметтик стандарттарга туура келиши боюнча суроолор берилди. Практикага багытталган тапшырмаларды көбөйтүү, мисалдардын жоопторун берүү зарылдыгы да белгиленди.

Катышуучулар 12 жылдык билим берүү системасына байланыштуу да бир топ суроолорду узатышты. Анын ичинде ЖРТ жана башка тесттерге шайкештик, мугалимдерди окутуу маселеси, темалардын ырааттуулугу жана окуу материалдарынын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келиши талкууга алынды. Ошондой эле китептердин түзүлүшү, аларды колдонуу ыкмалары жана келерки окуу жылына кайсы класстар үчүн окуу китептери даяр болору боюнча маалымат алуу зарылдыгы айтылды. Кээ бир мугалимдер тапшырмаларды аткарууда ата-энелер үчүн да кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилешти.

Жолугуушуга чейин мугалимдер тарабынан “Китептер том-том болуп жазылып жатат, бирок мааниси жок, мурда бир эле көлөмү аз болгон китеп чыгарылчу, мааниси терең болчу” деген ойлор айтылган. Ошондой эле статистика жана ыктымалдык бөлүмдөрү окуучуларга жаман тажатма болгонун, темалар ар бир класста окутула бербей, системалуу турдө эле окутулганы жакшы экендигин, мугалимдерди 12 жылдык окутуу боюнча окутпай туруп эле жыйынтыктарды күтө берүү — бул акылга сыйбаган нерсе экендиги айтылган. Ошондой эле 6 – 7 жаштагы окуучунун ичинен 2-3 окуучу эле түшүнүп, калгандары көңүл дагы бурбарын жана башка маселелерди кошумчалашкан, — дейт Үпөл Керимканова.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ: АЙМАКТАРДАГЫ АЧЫК ДИАЛОГ

Бирок жолугушуудан кийин алардын ойлору түп-тамыры менен өзгөргөн:

“Статистика жана ыктымалдык бөлүмдөрү азыркы ОМКда 1-класстан бери каралып келет жана ал жөндөн – жөн каралбайт экен. Бул бөлүмдөр окуучуларда маалыматты талдоо көндүмдөрүн калыптандырат. Азыркы учурда маалымат менен иштөө көндүмдөрү актуалдуу болгондуктан, окуучулар 1-класстан баштап маалымат деген эмне, маалыматты кантип кабыл алабыз, маалыматты кантип талдайбыз, маалыматты жеткирүү жана талдоо көндүмдөрүнө үйрөнүшөт экен”

“Башталгыч класстарда көбөйтүү жана бөлүү темалары берилгени менен ал көбөйтүүнүн жана бөлүүнүн жадыбалдарын жаттатуу дегенди билдирбейт экендигине ынандым. Биз ал темалар аркылуу көбөйтүү жана бөлүү деген эмне экенин жана турмуштук жагдайларда кайсы учурларда колдонула тургандыгын көрдүк”

“Китеп өз ичине түстүү сүрөттөлуштөрдү жана диаграмма, фигураларды камтыйт, маселелери дагы аз болгону менен ал маселелер түрдүү ыкмалар жана түрдүү жоопторду талап кылган маселелер экендигине ынандым. Бул китеп аркылуу темаларды балдарга тушүндүрүү жеңил жана математиканы турмуш менен оңой байланыштырууга болот.”

“Сабактарда темалар этап этабы менен, жөнөкөйдөн татаалга карай түшүндүрүлөт, окуу китептери мамлекеттик жана предметтик стандарттарга ылайык келип, натыйжалуу жана колдонуучуга ыңгайлуу окуу куралы болуп саналат экендигине ынандым.”

Жолугушуунун жыйынтыгында ОМК боюнча негизги түшүнбөстүктөрдүн көпчүлүгү жоюлуп, катышуучулардын ОМКга болгон ишеними жогорулады. Ошол эле учурда айрым маселелер кошумча иштөөнү талап кылары аныкталды.

Жолугушуу мугалимдердин түшүнүгүн кеңейтүүгө жана жаңы ОМКга болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түздү. Ошол эле учурда, мындан ары да системалуу түшүндүрүү жана методикалык колдоо иштерин күчөтүү зарылдыгы аныкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер