ОКУУ КИТЕБИНДЕ МОНОПОЛИЯ БОЛБОЙТ

  • 23.08.2022
  • 0

Бул тууралуу мугалимдердин республикалык август конференциясында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев айтып өттү.

Билим берүү тармагынын жетекчиси мындан ары тил, адабият, тарых, география предметтеринен тышкары окуу китептерин тандоодо ким кайсыл автордун китеби менен окуткусу келсе, уруксат берилерин, б.а. вариативдүү окутуу киргизилерин белгиледи.

-Бизде дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланууга жол ачылат. Мисалы, так илимдерди эмне үчүн беш жүз жылдык тарыхы бар Оксфорд китептери менен окутууга болбосун? — деди министр.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер