«ОКУУ КЕРЕМЕТ»

  • 23.11.2020
  • 0

USAID «Окуу керемет»долбоору тарабынан Ысык-Кɵл облусунун 98 жалпы орто билим берүүчү мектетерине жана 10 коомдук китепканасына башталгыч класстын окуучуларына арналган кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 аталыштагы адаптацияланган китептер белекке берилди. Китептер Ысык-Кɵл облусунун мектептерине жер-жеринде тапшырылды.

«ОКУУ КЕРЕМЕТ»

«ОКУУ КЕРЕМЕТ»

USAID «Окуу керемет» долбоорунун Ысык-Кɵл облусу боюнча тренингдер боюнча адиси Н. Шарапованын берген маалыматына караганда, долбоор тарабынан берилген китептер башталгыч класстын окуучулары үчүн кошумча окуу материалы катары алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана сабактан тышкаркы убакта окуу кɵндүмдɵрүн жакшыртуу максатын кɵздɵйт.

— Бул китептер мектептин китепканаларынын жана коомдук балдар китепканаларынын баланстык каттоосуна коюлат. Бул китептердин ɵзгɵчɵлүгү 45 аталыштагы, классификацияланган, ар бир китептин татаалдыгына жараша ага кандайдыр бир деңгээл бекитилген. Бул ар бир баланын окуу жɵндɵмүнɵ жараша тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Китептер тогуз деңгээлге бɵлүнгɵн. Бул деңгээлдер мугалим, китепканачы жана ата-энеге, окуучунун жаш курагына, кызыгуусуна жана окурмандын деңгээлине жараша китеп тандоого мүмкүнчүлүк берет. Китептер биздин ɵлкɵдɵ жашаган балдардын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор менен кызматташтыкта иштелип чыккан, — дейт Нургүл Шарапова.

«ОКУУ КЕРЕМЕТ»

Берилген китептердин тизмегине ар кандай жанрдагы түрдүү тексттер кирди. Алар маалыматтык китептер, ырлар-ритми жана рифмасы бар кичине чыгармалар, аңгемелер, математикалык кɵндүмдɵрдү ɵнүктүрүүчү китептер болуп саналат.

«Окуу керемет!» долбоорунун алкагында USAID Кыргызстанда 1,5 миң жаңы китеп иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

Келе жаткан беш жылда, USAID Кыргызстандагы 1687 мектептерине жаңы китептердин жана башка кошумча окуу материалдардын бир миллиондон ашуун нускасын тапшырууну көздөп жатат.

Жаңы долбоор Кыргыз Республикасында башталгыч билим берүүнү жакшыртуу боюнча USAID жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылат. Алдыда педагогдордун квалификациясын жогорулатууга арналган тренингдерди ɵткɵрүү, ментордук колдоо кɵрсɵтүү иштери да пландалган.

«ОКУУ КЕРЕМЕТ»

— 2020-жылдын 17-ноябрында Каракол шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мектептеринин башталгыч класстары үчүн 45 аталыштагы классификацияланган китептерди тапшыруу аземи болду. Иш- чара Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепкананын базасында «Америка борборунда» өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн адиси Ж.Жумаева, Каракол шаарынын вице-мэри Г.Орозова, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору М.Курманалиев, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Токтакунова жана мектеп директорлору, коомдук китепкананын башчылары катышты. Китептерди тапшыруу аземи учурунда, USAIDдин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырыла турган “Окуу керемет!” аттуу жаңы долбоору менен таанышуу презентациясы өттү. Бул жаңы беш жылдык демилге окуучулардын окуу көндүмдөрү менен бирге математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган. Долбоордун директору Лиана Гертч жана окутуу жана тренингдер боюнча директордун орун басары Н.Токтогулова долбоор тууралуу маалыматтык презентация жасашты. Башталгыч класстар үчүн классификацияланган китептерди колдонуу тууралуу нускамалык презентациясы менен долбоордун Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык координатору Т.Жанадылов маалымат берди. Иш-чаранын соңунда мектептерге китептер тапшырылды, — дейт адис.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер