ОКУУ АКЫСЫН АЗАЙТУУ МАШАКАТТУУ МАСЕЛЕ 

  • 14.01.2021
  • 0

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери аралыктан окуп жаткандыгына байланыштуу окуу акысын 50% чейин азайтуу маселеси коомчулукта байма-бай көтөрүлүп келет. Бирок бир канча себептерден улам аны азайтуу мүмкүн эмес экенин  Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана ЖОЖдордун жетекчилери министрликте өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

ОКУУ НАРКЫН ТҮШҮРБӨӨНҮН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ

ЖОЖдорду каржылоонун негизги булагы болуп студенттердин окуу акысынан келип түшкөн каражат эсептелет. Ансыз окуу жайлар жашап кете албайт. Ошондуктан окуу акысын кыскартууга болбойт. Мисалы, 2020-жылга республикалык бюджеттен билим берүү жана илим министрлигине баш ийген жогорку окуу жайларына 5 млрд. 108 млн. 600 миң сом каралган болсо, анын 589 млн. 700 миң сому гранттык негизде окуган студенттерге бөлүнөт. Бул жалпы бюджеттин 11.5% гана түзөт. Ал эми бюджеттин калган 88.5% башкача айтканда, 4 млрд. 518 млн. 800 миң сомун контракттан түшкөн каражат түзөт.

Мамлекеттик жогорку окуу жайларында контракттык негизде окутуунун орточо баасы жылына 28 544 сом. Анын 76,2% эмгек акыга, 22,4% коммуналдык жана  билим берүү чыгымдарына, 1,4% гана материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.

Эгерде окуу акысы төмөндөтүлө турган болсо, ириде профессордук-окутуучулук курамдын, техникалык персоналдын эмгек акысын кыскартууга туура келет. Бирок ЖОЖдордо иштеген 14 миң окутуучунун көбү үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

  • Негизи жождор студенттердин контрагынан түшкөн каражат менен гана жашашат. Бизде мындан башка киреше жок. Окутуучулардын эмгек акысын дагы төлөбөй кое албайбыз. Анткени окуу процесси аралыктан болсо дагы үзгүлтүккө учурабай жүрүп жатат. Биз тапкан кирешебиздин көбүн эмгек акыга жумшайбыз. Мисалы, биздин эле окуу жайда баардык кызматкерлерге эмгек акы төлөө үчүн айына 35 млн. сом сарпталат, — дейт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова.

Окуу жайларда докторлук, кандидаттык илимий даражасы бар окутуучулар гана жогорку эмгек акы алышпаса, жаш окутуулардын эмгек акылары чеке жылытарлык эмес. Профессордук-окутуучулук курамдын көбүн дал ошол жаштар түзөт.

  • Жаш адистердин эмгек акысы аз. Көбү батирде турат. Анан кантип алардын акчасын кыскартабыз? Ошондуктан бул жагынан аяр мамиле кылышыбыз керек болууда, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгын башчысы Гүлмира Абылкасымова.

Министрликтин Бюджеттик саясат жана финансы башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында, кенже техникалык кызматчылардын гана ордун кыскартууга болот. Бирок ал дагы убактылуу. Анткени реалдуу режимде окууга өткөндө алардын баары кайра келиши керек болот. Анын үстүнө эми бүтүрүүчү курстар окуп башташат. Азыр окуу жайларга студенттер барбаганы менен окутуучулар толук кандуу иштешүүдө. Техникалык кызматкерлер мурдагыдай эле кызмат көрсөтүп жатышат.

БИЛИМ САПАТЫ АКЧАГА БАЙЛАНГАН

Окуу жайларда сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базаны өркүндөтүп, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатып, билим берүү ресурстарын жана инфраструктураны жакшыртып туруу керек. Мисалы, электрондук китепканаларды, сейрек кездешүүчү китептерди санариптештирүү үчүн жабдууларды (айрыкча медицинада), видео жазуу студиялары үчүн видео жабдууларды, окуу процессин автоматташтыруу жана башкаруу тутумдарын сатып алуу бир топ каражатты талап кылат. Бул компоненттердин бардыгы окуу акысынан келип түшкөн акчадан каржыланат. Окуу жайлар толук аралыктан билим берүүгө өткөндөн бери бул багыттагы чыгымдар дагы мурункудан көбөйгөн.

  • Пандемия башталгандан бери биздин эле окуу жайда 600 жакын окутуучу кесиптик чеберчилигин жогорулатты. Бул иш азыр дагы жүрүп жатат. Техникалык базаны чыңдоого, программалык камсыздоого, жаңы серверлерди сатып алууга да бир топ каражатыбыз кетти. Дезинфекциялоочу каражаттарды алууга дагы көп акча кетип жатат. Эми экинчи семестрде аралаш формада окуй турган болсок, бул чыгымдар мындан дагы көбөйөт, — дейт Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенова дагы онлайн билим берүүгө өткөнү академияда чыгымдар мурдагыдан көбөйгөнүн айтат.

  • Биз билимдүү дарыгерлерди чыгарыш үчүн, алар диагнозду туура коюшу үчүн лабораториялар, компьютердик технологиялар менен камсыз болушубуз керек. Биздеги база аралыктан окутууга даяр эмес болгондуктан, материалдык-техникалык базаны кайрадан жаңыртууга, толуктоого туура келди. Дээрлик баарын алмаштырдык, компьютерлерди, сабак өтүү үчүн платформаларды сатып алдык. Мунун баары эле акча да, — дейт Индира Кудайбергенова.

ОКУУ АКЫСЫН КЫСКАРТСА БОЛОТ, БИРОК…

Окуу акысын төмөндөтүү боюнча министрлик атайын эсептөөлөрдү жүргүзүп көргөн. Эсеп боюнча кыскартыла турган сумма болгону 699 сомду түзгөн.  Ал контракттын 2,4% гана түзөт. Бул студенттер үчүн аз эле акча. Бирок окуу жайлардын бюджетине бир топ сокку берет.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ТУУРА ТҮШҮНСӨ…

Билим берүү жана илим министрлиги менен окуу жайлардын ректорлору ата-энелерди жана студенттерди туура түшүнүүгө чакырышууда. Анткени жогоруда айтылгандай, окуунун наркын төмөндөтүү ЖОЖдорду каржылык жактан кыйынчылыкка жана билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратуу тобокелдигине алып келет.

  • Ооба, биз түшүнөбүз, азыр ата-энелерге да, студенттерге да кыйын болуп жатат. Ириде ден соолук анан билим керек. Бирок ошол билимди алуу үчүн инвестиция салыш керек. Биз болсо колубуздан келишинче окуу төлөмүн узартып төлөөгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Көп ата-энелер туура түшүнүп, акырындык менен, айына эки миң, үч миң сомдон болсо дагы төлөп жатышат. Башка ата-энелерди дагы ушинтип туура түшүнөт деген ишенимдебиз жана бири-бирибизди колдоого чакырабыз, — дейт Индира Кудайбергенова.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер