ОГПИНИН ИЛИМПОЗДОРУ АЧЫК САБАКТАРДЫ ӨТҮШҮҮДӨ  

  • 16.10.2018
  • 0

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, студенттерди мыкты адис кылып даярдоо, жаш окутуучуларга жол көрсөтүү жана ич ара тажрыйба алмашуу максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенген илимдин кандидаттары ачык сааттарды өтүп башташты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.

ОГПИНИН ИЛИМПОЗДОРУ АЧЫК САБАКТАРДЫ ӨТҮШҮҮДӨ  

Бул саамалык факультеттерде кезеги менен өткөрүлүп, окуу жай жетекчилигинин, окуу бөлүмү жана сапат бөлүмүнүн катышуусунда жүргүзүлмөкчү. Алгачкы ачык саатты табият таануу жана география факультетинин экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин кандидаты, профессор Баабеков Анарбай өтүп, ага институттун ректору Б.Зулуев, факультеттин жетекчилиги жана жаш окутуучулар катышты.

Сабактын жыйынтыгында ректор сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды кунт коюп тыңшаткан, өзгөчө чеберчилик менен уюштурулган сабак болгонун жана сабактын жүрүшүндөгү салттуу, заманбап усулдардын так колдонулушу – студенттерге таасирдүү жана жугумдуу сабак болгонун белгилеп өттү.

Учурда ОГПИде элүүгө жакын илимдин кандидаты эмгектенет. Булар факультеттик кезек менен баары өз кесиптери боюнча октябрь, ноябрь айларында ачык сабак өтүшөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер