ОГПИДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 25.02.2019
  • 0

23-февраль — Мекенди коргоочулар күнүнө  жана 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

ОГПИДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Мелдеш аймактар арасында достук мамилени бекемдеп, коомго сергек жашоонун образын  жайылтуу максатында  40 жаштан жогорку курактагы эркектер ортосунда уюштурулган. Аталган достук мелдеш  Кара-Кулжа, Лейлек, Алай,  Өзгөн райондорунан  жана ОГПИден келген командалардын катышуусунда өттү. Иш-чараны  уюштуруучу катары ОГПИнин ректору Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө жалпы катышуучуларды келе жаткан майрамдары менен кызуу куттуктап, мелдештин жүрүшүнө ийгилик каалоо менен саамалыктын демилгечилерине, уюштуруу тобуна жана байге фондун түзүп берген жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Мелдештин жыйынтыгында III орунду Лейлек районунун “Катыраң” командасы, II орунду Кара-Кулжа районунун “Чалма” командасы, баш байгени ОГПИнин “Ардагерлер” командасы багындырып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Эскерте кетсек, аталган мелдеш “Отор Ойл” фирмасынын жетекчиси К.Сатыбалдыевдин демилгеси менен ОГПИнин алкагында жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келет. Быйылкы жылкы мелдешке жалпы байге фондуна жүз миң сом каралып, жеңүүчү командаларга, активдүү катышкандарга тапшырылды. Ошондой эле уюштуруу тобу тарабынан мырзалардын майрамынын урматына жалпы катышуучу спортчулар үчүн  майрамдык ысык тамак уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер