ОГПИДЕ ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ  ӨТТҮ

  • 18.12.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуу жайдын ректорунун байгесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш  өттү.

ОГПИДЕ ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ  ӨТТҮ

Мелдеште Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана райондордогу, шаардагы мектеп окуучулары күч сынашышты. Иш-чаранын ачылышында институттун ректору Б.Зулуев катышуучуларга жана  конокторго аталган мелдеш окуу жайда биринчи жолу уюштурулуп жатканын белгилеп, улуттук оюндарды даңазалоо максатында мындан ары бул мелдеш салтка айланарын жана спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга ректордун атайын белектери жана дипломдор ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер