ОГПИДЕ   ЭКОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТА ЖАШТАР БАГЫ КУРУЛАТ

  • 23.10.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору, профессор Бекмурза Зулуев “Экологиялык өнүгүү” коомдук фонду, Орхус борборунун Оштогу жетекчиси Каныбек Исабаев жана Ош шаарынын мэриясынын Жаштар комитетинин төрагасы Изат Берхмаматов менен жолугушуп, ОГПИнин башкы окуу имаратынын базасында экологиялык багытта атайын жаштар багын куруу келишимин түзүштү.

ОГПИДЕ   ЭКОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТА ЖАШТАР БАГЫ КУРУЛАТ

Аталган келишимдин алкагында окуу жайдын бак болуучу короосуна Орхус борбору тарабынан маалыматтык тактайча орнотулуп, анда үч тараптуу түзүлгөн келишимдин иш кагаздары, иш-чаранын актуалдуулугу, максаттары ж.б. керектүү маалыматтар жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, учурда  бактын ордун даярдоо, тиешелүү документ  жумуштарын  ырастоо жана пландын негизинде аянтты тазалоо иштери жүрүп жатат. Аталган жаштар багы экологиялык бардык талаптарга ылайык курулуп, жогорку  сорттогу бак-дарактар тигилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер