ОГПИДЕ АЛЫШ КҮРӨШ ЖАНА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 11.10.2018
  • 0

10-октябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдордун студенттери ортосунда спорттун “Алыш күрөш” жана “Таяк тартыш” түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

ОГПИДЕ АЛЫШ КҮРӨШ ЖАНА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Мыкты балбандарды беттештирген бул мелдеш аймактардагы студенттердин ортосунда достукту бекемдөө, аларга шык берүү жана коомчулукка спорт чөйрөсүн кеңейтүү максатын көздөйт. Аны ОГПИнин дене тарбия факультетин 2008-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр 10 жылдык жолугушуунун алкагында өткөрүштү.

ОГПИДЕ АЛЫШ КҮРӨШ ЖАНА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Мелдештин салтанаттуу ачылуу аземин институттун ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн жөн гана 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп тим болбостон, жаш спортчуларыбызга көңүл бөлүү менен ушундай мелдешти демилгелеп, байгесин коюп берип жаткан уюштуруучуларга, алыс, жакындан келген конокторго окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Таймашка БатМУнун, ЖАМУнун, ОшМЮИнин, ОшКӨУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин студенттери катышып, спортчулар ар түрдүү салмак категориялар боюнча кызыктуу спорт оюнун тартуулап беришти. Ошондой эле оюндун жүрүшүндө балбандар үчүн ОГПИнин профсоз комитети, чарба иштери боюнча проректору жана башка күйөрман агайлар тарабынан кызыктыруучу байгелер коюлуп, өзгөчө ыкма менен кызыктуу оюн көрсөткөн спортчуларга ыйгарылды.

Мелдеш эл аралык аренадагы калыстардын көзөмөлү менен өткөрүлүп, күрөш аянтынын чеберлери жана таяк тартууда мыктылыгын көрсөткөн балбандар ар бир салмактык категория боюнча күч сынашып, I, II, III орундарды камсыздаган спортчу студенттер диплом, медал жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр:

Таяк тартыш боюнча командалык эсеп менен I орун ОГПИ, II орун БатМУ, III орунда ОшМУ.

Алыш күрөш боюнча: 

60кг салмакта

III орун Мырзабеков А. ОшМУ.

II орун Абдижалил у Т БатМУ.

I орун Үсөн у Ө. БатМУ.

 

70кг салмакта

III орун Бекташов Т. ОГПИ.

II орун Сейитали у А. ОшМУ.

I орун Шарабидин у А. ОшМУ.

 

80кг салмакта

III орун Имаралы у А. БатМУ.

II орун Намазбеков Т. ОшТУ.

I орун Сексенбаев Э. ЖАМУ.

80+кг салмакта

III орун Матабаев Ж. ОГПИ.

II орун Талантбек у Э. ОшМЮИ.

I орун Кубаныч у К. ОГПИ.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер