ОГПИ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ

  • 21.01.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдады.

ОГПИ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ

Маалыматка ылайык, аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, орус тили жана адабияты, англис тили жана аны окутуунун усулу  кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.

ОГПИ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ

Алар Москвадагы А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тил институтунда жана Орус элдеринин достугу университетинде эки жумалык атайын курстан өтүшүп, билим берүү жана илим изилдөөдө электрондук маалыматтар менен иштөөнүн заманбап компетенциялары жана чет тилдерин окутуудагы эл аралык жаңы стандарттар боюнча билимин жогорулатышууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер