ОБЛУСТУК СЫНАКТА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРГАН ОКУУЧУЛАР  

  • 24.11.2023
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын окуучулары облустук сынакта жеңишке жетишти.

ОБЛУСТУК СЫНАКТА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРГАН ОКУУЧУЛАР   

Маалыматка ылайык, аталган айылдагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин директору Кыял Мамытканованын айтымында, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Ч.Айтматов балдар дүйнөсүндө» аттуу театралдык фестиваль сынагынын облустук турунда аталган мектептин окуучулары 1-орунду багындырышты.

— Аталган сынакта биздин окуучулар Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү аткарып беришти. Буга чейин райондук турдан 1-орунду алганбыз. 23-ноябрь күнү облустук туру өтүп, 1-орунду ээлеп, республикалык сынакка жолдомо утуп алдык, — деди К.Мамытканова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер