НУРГҮЛ ТАЙИР КЫЗЫ: “ОН ОКУУЧУДАН ЭКӨӨ ЭКИНЧИ ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ”

  • 29.03.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылындагы республикалык олимпиаданын IV баскычына аймактык турдан республикалык турга чейин кыргыз тили жана адабиятынан даярдап келген Оштогу “Олимп” мектебинин кыргыз тили мугалими Нургүл Тайир кызынын он окуучусунун ичинен экөөсү экинчи орунду багындырды.  Алар: Ош шаарындагы №32 Ж.Мамытов атындагы  орто мектебинин 10-классынын окуучусу Баел Шамшиев менен “Олимп” мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Мээрим Ботоева.

НУРГҮЛ ТАЙИР КЫЗЫ: “ОН ОКУУЧУДАН ЭКӨӨ ЭКИНЧИ ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ”

НУРГҮЛ ТАЙИР КЫЗЫ: “ОН ОКУУЧУДАН ЭКӨӨ ЭКИНЧИ ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ”

“Он окуучуну даярдап келгем. Олимпиаданын жыйынтыгында эки окуучубуз 2-орунду камсыздай алышты.  Акыркы жети жылды ала турган болсок, олимпиада Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан өткөрүлүп жатат. Мен ошол жылдан бери окуучуларды даярдап келем. Быйылкы республикалык турда жылдагыдан өзгөчө нукта өттү десем болот. Белгилей кетсем, суроолор жөнөкөйдөн татаалга багытталып түзүлгөн. Эки күндүк олимпиадада  окуучулардын жөн гана эмес, чыгармачылык менен ийгиликке жетүүсү үчүн түзүлгөн тапшырмалары кыргыз тилчи катары 100% купулума толду. Анткени, олимпиада өзгөчө зээндүү балдардын жарышы. Кыргыз тилинен олимпиадага катышканы менен ар тараптуу билими болуш керек, логикалык ой жүгүртүүсү кенен, сөзү белен, б.а капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан, берилген таршырманы ар тараптуу жиликтей алган, теориялык билими мыкты болушу керек.

Негизинен олимпиадага даярданып жатып, окуучуларыбыз мурунку, азыркы акын-жазуучуларыбызды таанып-билүү жөндөмү да жогорулап бара жатат.

Уюштуруучуларга жана калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!” – деди Н.Тайир кызы.

Ош шаарындагы №32 Ж.Мамытов атындагы  орто мектебинин 10-классынын окуучусу Баел Шамшиев экинчи орундун жеңүүчүсү. Анын айтымында, олимпиадага катышуу оңой иш эмес, канчалаган эмгекти талап кылат.

— Күнүнө алты-сегиз сааттан даярданып жатып ушул жыйынтыкка жеттим. Мен үчүн жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Олимпиада жогорку деңгээлде, эң негизгиси, таза өттү деп ойлойм. Мени менен бирге болгон мугалимдерим Нургүл Тайирова эже менен Муратова Сажида эжеге ыраазымын, – деди жеңүүчү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер