РАДЧЕНКО НАДЕЖДА ИЛЬИНИЧНА

  • 27.11.2020
  • 0
РАДЧЕНКО НАДЕЖДА ИЛЬИНИЧНА

25-ноябрда 73 жаш курагында Ысык-Ата райоунун Новопокровка айылындагы №3 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Радченко Надежда Ильинична дүйнөдөн кайтты.

Радченко Н.И. 1948-жылдын 1-октябрында Новопокровка айылында туулган. Новопокровкадагы №1 орто мектеибинде окуган. 1977-жылы В. Маяковский атындагы педагогикалык институтту бүтүргөн.

Жашоосунун 50 жылын балдарды тарбиялап билим берүүгө арнады. Надежда Ильинична эмгек жолун Воронцовкадагы сөөк-булчуң кыймылдатуучу аппаратында көйгөйлөрү бар балдар үчүн жатак-мектебинде баштаган. Республикалык азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн жатак-мектебинде иштеген. Надежда Ильинична балдарга билим гана эмес, өзүнүн бүтүндөй мээримин берген.

Көп жылдар бою Новопокровкадагы №1 орто мектебинде иштеген. Соңку 17 жыл бою Новопокровкадагы №3 орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеди.

Көпчүлүк окуучулары мыкты инсан болуп чоңойду. Анын окуучуларынын арасында башталгыч класстардын райондук олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү көп.

Надежда Ильинична мыкты педагог болгон. Ал педагогикалык коллективдин да, окуучулардын да, ата-энелердин да урмайт-сыйына ээ эле.

Билим берүү министрлиги, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү, №3 Новопокровка орто мектебинин администрациясы жана жалпы жамааты Радченко Надежда Ильиничнанын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер