НАРКТУУЛУК БАЛА КЕЗДЕН БАШТАЛАТ

  • 07.10.2022
  • 0

КР Конституциянын 21-беренесинин жоболорун өлкөбүздүн Президент Садыр   Жапаров өзүнүн үстүбүздөгү жылдагы «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгында бекемдеп жана конкреттештирип, алдыга төмөндөгүдөй актуалдуу милдеттерди койду: «Нарктуулук, үй-бүлөдөн башталарын эске алып, өлкөнүн эң негизги ресурсу катары салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыгы; коомдун нарктуу өкүлүн жана нарктуу мамлекеттик кызматчысын калыптандырууда мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу; улуттук нарктуулукту жайылтууда ийгиликтерге жетүү үчүн ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша усулдарды, талаптарды иштеп чыгуу». Мына ушинтип, Президенти Жарлыгында мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы катары улуттук нарктуулукту аныктады. Муну эгемендүү Кыргыз Республикасынын социалдык-педагогикалык ой-пикиринин тарыхындагы өзүнчө бир бурулуш жаңы нук, катары баалоого болот.

ҮЧ ЖАШТАН КИЙИН КЕЧ

Сөзүбүздүн аягында айтылган ойлордун контекстинде төмөнкүдөй орчундуу маселеге көңүл бурмакчыбыз. Бизде көп учурда орто мектепти, жогорку окуу жайларын реформалоо жөнүндө көбүрөөк сөз болуп, ал эми бала бакчаны реформалоо жөнүндө азыраак сөз болуп келет. Чындыгында адамдын адам болуп түптөлүшүндө эң маанилүү роль үй-бүлөдөн кийин эле, бала бакча институтуна таандык эмеспи. Балдар – улуттун, коомдун келечеги дейбиз. Эгер бул анык болсо, анда келечек бала бакчадан башталат. Президенттин жарлыгында айтылган нарктуу коомдун башаты бала бакчада түптөлөт. Бүгүнкү күндө бала бакчада улуттук нарктарга, элдик баалуулуктарга негиздеп тарбия берүү актуалдуу. Конституциябызда тарбия максаты катары көрсөтүлгөн мекенчилдиктин, атуулдуктан, Президенттин жарлыгында белгиленген нарктуулуктун алгачкы өнүмдөрү адегенде бала бакчада көктөп, «бүчүр жарат». Кыргыз элинин этно педагогикалык акылмандыгы «Баланы жашынан тарбияга, чырпыкты жашынан ий», «Бала деген ушундай, колуңдагы кушуңдай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай» деп бекеринен макалдатып айткан эмес. Ал эми улуу педагог Макаренконун «бала 5 жашка чейин ким болсо, кийин да ошо болот» деген сөзү да, дайыма көңүл чордонунда кармай турган даанышмандык. Дегеле, бүгүн дүйнөлүк педагогика бала тарбиясына болгон өзүнүн көз караштарын өзгөртүп жатат. Педагогикалык психологиянын окумуштуулары баланын социалдашуусу эмчектеги ымыркай кезинен, а түгүл, андан да эрте башталарын, бала төрөлөрү менен маданий таасирлердин обьектисине айланарын, наристе «бешик ырынын» сөздөрүн түшүнбөсө да, анын мээримдүү илеби чүрпөнүн психикасынын аң сезимсиз катмарларында (безсознательный слой психики) из калтырарын жазып жатышат. Япондук инжере-психолог Масару Ибука өзүнүн «Үч жаштан кийин кеч» аттуу китебинде мындай бир мисалды келтирет:

«Жаш адисти чет өлкөгө иштеп келүү үчүн жөнөтүшөт, анын аялы болсо жаңы төрөлгөн кызы менен Тохокудагы өзүнүн ата-энесине барып жашап калат. Чоң атасы менен чоң апасы небересин абдан жакшы көрүшөт, аны менен көп ойношуп, сүйлөшүшөт. Бир жылдан кийин кыздын атасы сапардан кайтат, аялы ме¬нен кызы кайрадан Токиодо жашап калышат. Ал убакта алардын кызы сүйлөө үчүн абдан кичинекей эле. Бирок ал сүйлөй баштаганда ата-энеси таң калышат. Себеби алардын кызы сүйлөгөн сөздөрдүн бардыгы Тохоку диалектисинде эле.    Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү кадимки жапон тилинде сүйлөшөт, кыз гана диалект менен сүйлөйт. Ал тургай бир нече жылдан кийин кыз мектепке барганда да Тохоку акцентинен арыла албай жүрөт. Көрсө, бала сүйлөй баштаганга чейин эле алиги чоң атасы менен чоң энесинин диалектилик сөздөрү баланын мээсинин каналчаларына жайылган экен. Издер түшүп калгандан кийин аны өчүрүп, жаңысын кайрадан салуу абдан кыйынга турат. Балдардын кенже курагында тийген таасирлер өмүр бою өчпөс изин калтырат» (Масару Ибука. Үч жаштан кийин кеч. — Бишкек, 2015, 42-бет).

БАЛАГА КЫРГЫЗ РУХУ НАРИСТЕ КЕЗИНЕН БЕРИЛСЕ

Япондук психолог келтирген бул таңгалычтуу факт уникалдуу болсо да, дегеле, баланын табияты миң сырлуу экенин, анын кабыл алуу жана эстеп калуу мүмкүнчүлүгүнүн ажайыптыгын, бугуп жаткан жашырун жөндөмдөрү мол экендигин күбөлөп турат. Келтирилген мисалдан улам кыргыздын дагы бир «Бала тарбиясы бешиктен» деген накыл сөзү да аргасыздан эске түшөт. Буга байланышту педагог Советбек Байгазиевдин көз караштарынан мисал келтирбей, мүмкүн эмес. С.Байгазиев япондук инженер-психологдун жогорудагы оюн кеңейткендей минтин жазат:

«Бир сөз менен айтканда, сүйүнчүлөө, бала оозантуу, көрүндүк берүү, жентек той, жентектөө, бешик той, тушоо кесүү сыяктуу керемет каада-жөрөлгөлөрдү жасоо учурунда өкүм сүргөн шатыра-шатман, ак көрпө жайыл маанайдын, аба жарып айтылган тилек-каалоолордун жаркын энергиясы ата-эненин толкунданган жан дүйнөсүндө аккумиляцияланып, алардын кубанычтан дүкүлдөп соккон жүрөгү, бакылдап ийиген эмчеги аркылуу балага өтөт. Бешикке салып жаткандагы «Азем бешигиңе жата гой! Атаң жаткан арча бешик, ак бешик сага кут болсун! Ата наамын сактаган эр болгун! Эне наамын сактаган уз болгун! Эл-журттун камын ойлогон шер болгун!» деген чоң эненин мээриминин ысык табынын алдында наристе магдырайт, мемирейт. Дагы айталы, энесинин кыңылдаган бешик ырынан төгүлгөн илептин алдында бала көшүйт. Тушоо кесүү маалындагы ата-энесинин, айланадагылардын жаркын жүздөрүнөн, кубанычтуу бака-шакаларынан наристе үйдө бир жакшылык болуп жатканын сезип, бети албырып, барбалаңдайт. Демек, өйдөтөгү шандуу каада-жөрөлгөлөр наристенин психикасына түздөн-түз таасирин тийгизет деп, ишенимдүү айтууга болот. Энесинин ичинде — «баланын үйүндө» биологиялык комфорттуу шартта жаткан бала, тышка чыкканда да өйдөкүдөй этномаданий комфорттуу жагдайга, гумандуу социалдык атмосферага туш болот. Мунун өзү баланын психикалык саламатчылыгы үчүн жагымдуу өбөлгө болуп кызмат кылат. Демек, кыргыз чөйрөсүндөгү жанагындай этнопедагогикалык гумандуу иш-чаралар баланын адам болуп түзүлүшүнө өзүнун үлүшүн кошот. Сүйүнчү, көрүндүк, жентек той, бешик той, тушоо той салттары баланы социалдаштыруунун өзүнчө бир кыргызча стили, өзүнчө бир кайталангыс этнопедагогикалык усул десек болот» (С.Байгазиев. «Кыргыз элинин этикалык жана этнопедагогикалык асыл-нактары» — Бишкек, «Алтын тамга». 2019, 75-бет).

С.Байгазиевдин кыргыздын этнографиялык, этнопедагогикалык салттарынан чыгып, айткан бул жаңы жана терең баамчыл ойлору, ошондой эле япондук наристенин мисалы баланын тарбиясын кенедей кезинен баштоо жөнүндөгү элдин жана дүйнөлүк ойлорду ого бетер тастыктап турат. Наристе чагынан жан дүйнөсүнө «себилген» кыргыз рухунун, Манас рухунун, элдик нарктуулуктун «үрөндөрү», баланын кабыл алгыч, сергек, сезимтал, таасирленгич жан-жаратылышына мөөр болуп басылып, анын келечекте өз мекенинин ата-бабаларындай нарктуу болушуна өбөлгө болот. Дагы бир жолу айталы, нарктуу коомдун пайдубалы бала бакчада түптөлөт. Бала бакчалардагы тарбиялоону улуттук баалуулуктарга негиздеп кайра куруу зарыл. Балдардын жан дүйнөсүн азыктандыра турган кыргыз элинин гуманисттик руханияты калк жомокторунда, «Манас» баш болгон эпосторунда, балдар ырларында, балдар оюндарында, көркөм кол өнөрчүлүгүндө, этнографиясында, эне тилинде, адеп-ахлактык нарктарында, фольклорунда, маданиятында камтылган. Бул казына-байлыктар бала бакча программаларынын өзөгүн түзүүгө тийиш. Ошону менен бирге ушул казына-байлыктарды чүрпөлөрдүн көкүрөк-көөдөнүнө сиңире турган ийкемдүү методиканы табуу керек. Президенттин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгында «улуттук нарктуулукту жайылтууда ийгиликке жетүү үчүн ар бир муундун физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша усулдарды иштеп чыгуу» керек делип бекеринен көрсөтмө берилген жок. Бул көрсөтмө мектепке чейинки тарбиянын адистеринин алдына улуттук асыл баалуулуктарыбызды бала бакчага трансформациялоонун илимий-усулдук негиздерин иштеп чыгуу боюнча актуалдуу милдеттерди коет.

УЛУТТУН КОЛОМТОСУ УРАБАСЫН

«Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген. Жаңы технологиялардын айдыңы менен ааламдашуунун чеңгелине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн адилеттүүлүккө жана акыйкаттуулукка негизделген нарктуу коомду куруу үчүн токтом кылынат» деп алдыда потенциалдуу түрдө мүмкүн болуучу аккультурация коркунучун эсепке алып, Жарлык чыгарган Ажо буга чейин Кыргызстанда, чынында болгон эмес эле.

Бир сөз менен айтканда, мекенчилдик жана атуулдук маданияты жогору жарандары бар нарктуу коомду куруш үчүн улуттук коломтобуздун ресурстарын каражат-курал катары түшүнүүбүз абзел. Бул идея мына ушинтип мамлекеттик деңгээлде расмий документтерде бекемделип отурат. Демек, өлкөбүздүн тарбия системасы үчүн жетекчиликке ала турган өзүнчө бир стратегия, идеологиялык багыт жаралды десек эч жаңылышпайбыз. Бул стратегия – улуттук баалулуктарга негизделген тарбия стратегиясы. Улуттук нарк-дөөлөттөргө негизделген тарбия багытын көптөгөн өнүккөн өлкөлөр эбактан бери эле колдонуп келе жатышат. Бул жагынан айрыкча Түркия, Япония, Өзбекстан, Кытай өлкөлөрү айырмаланышат. Бир эле мисал алалы. Маселен, Түркиянын расмий мамлекеттик документинде мындай деп жазылган: «Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты — түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Баш мыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк мекенчилдигине ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн, үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган мекендештерди калыптандыруу» (Сервет Өздемир. Мугалимдик кесипке киришүү. – Бишкек, 2018, 194-бет). Албетте, жогорудагы өлкөлөр улуттук тарбия менен катар, өз жарандарын жалпы адамзаттык баалуулуктарга тарбиялоону да унутпайт. Кыргызстан да бул тажрыйбаны сөзсүз эске алууга тийиш. Улуттук баалуулуктар стратегиясына мамлекетибиз акыры келди. Бирок тарбия ишин баштоо али кеч эмес

Динара Данкеева,
Мугалимдердин билимин жогорулатуунун республикалык институтунун ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер