ЖАНУЗАК НАДЫРБЕКОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫН ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
- 13.06.2024
- 0
Элине эмгеги сиңген, эл урматтаган, кадырлуу, атактуу, улуу-кичүүнү сыйлап билген, айылдык, райондук кеңештердин депутаты, партиялык, советтик кызматтарда эмгектенген, Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын улуу инсандарынын бири Надырбеков Жанузактын 95 жылдык эскерүү кечеси Ак-Жар айылынын айылдык клубунда өткөрүлдү.
Ат-Башы мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, Надырбеков Жанузак 1928-жылы октябрь айында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында, жөнөкөй малчынын үй-бүлөсүндө туулган.
— Ак-Жар айылынын алгачкы тургундарынын бири, атасы Надырбек менен кошо жүрүп, бирге туруп, кой бакса ага жардамдаш болуп, кийин жылкы бакканда ат жалында ойноп, жылкы четинде жүргөн. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде кары-картаңдар менен чогуу иштеген. 1944-жылдан 1949-жылга чейин Ак-Жар колхозунда тынымсыз эмгектенген. Бул үзүрлүү эмгеги үчүн Надырбеков Жанузак жаш кезинде 1946-жылы «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалдарынын жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын ээси. 1946-жылы орто мектепти ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1951-1960-жылдары Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен, Өзгөрүш айылдарында мугалим болуп иштеп, жаш муундарды тарбиялоодо үзүрлүү эмгектенген. Андан сырткары Ат-Башы районундагы почтанын начальниги кызматын да аткарган, — деп маалыматта баса белгиленген.
1960-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиялык-советтик мектепке кирип, аны 1962-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. КПСС Борбордук Комитетинин чакырыгына кошулуп, 1962-1964-жылдары райондук партиялык комитетинин инспектору, бөлүм башчысы болуп эмгектенип жана райондун чарбаларында экономикалык өсүшүнө, мал чарбасында малдардын башын өстүрүүдө, дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда өзүнүн көптөгөн салымын кошкон.
1964-жылы Ленин атындагы колхоздун коммунистеринин өтүнүчүнө ылайык, колхоздун партиялык уюмдун секретарлыгына шайланган. Ошол мезгилде колхоздун башкармасынын төрагасы Сергей Федорович Бабанов экөө биргелешип он жылдан ашык эмгектенишкен. Ошол учурда чарбада болгону 680 баш жылкы, 460 баш уй, 36 миңден ашпаган кой болгон жана чарбанын чарбанын финансылык абалы анчалык жакшы эмес эле. Ошондуктан малдын башын көбөйтүү, продуктуулугун жогорулатуу үчүн бардык иш- аракеттерди жана уюштуруу иштерин жүргүзө башташкан.
Албетте, партиялык уюм уюштуруунун саясий тарбиялык иштерин кеңири жүргүзүү менен колхоздун экономикасын жогорулатууга бүткүл коллективдин күчүн мобилизациялоонун натыйжасында чарбада жакшы жылыштар болгон.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер