МЫКТЫНЫН МЫКТЫЛАРЫ БИШКЕКТЕ

  • 03.10.2022
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбиялык комплекс гимназиясында башталган “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагына 17 талапкер катышып жатат. Анын ичинен 8 талапкер “Жылдын мыкты тарбиячысы” наамы үчүн ат салышмакчы.

Республикалык сынактын IV этабына буга чейинки райондук, облустук сынактарда жеңүүчү болгондор катышууда.

Сынакты КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

— Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм”, — деди ал өз сөзүндө.

Салтанаттуу ачылышынан кийин талапкерлер өздөрүн жана бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштерин тааныштыруу максатында даярдап келген презентацияларын көргөздү. Түштөн кийин педагогикалык кырдаал боюнча тесттен өтүшкөн катышуучулар үчүн мастер-класстар уюштурулду.

 

МЫКТЫНЫН МЫКТЫЛАРЫ БИШКЕКТЕ

Бул сүрөттөгү Ош облусунун Алай районундагы Күлчө айылындагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Туменова. Ал өзүнүн презентациясы менен тааныштырууда. Ал 2014-жылдан бери бала бакчада иштейт. Бала бакчанын башчысы Гүлбара Рахманбердиеванын айтымында, бул типтүү бала бакча 1979-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан саналуу бакчанын бири. Эки жылдан бери облуста алдыңкы орундарды бербей келатат. 2021-жылы Ош облусунда өткөн конкурста баш байгени жеңип алып, республикалык конкурска жолдомо алган, бирок пандемияга байланыштуу сынак болбой калган эле. Быйыл бакчанын тарбиячысы райондон да, облустан да баш байгеге ээ болуп, республикалык сынакта да жеңүүчү болсом деп белсенип турган чагы. Бул бала бакчанын өзгөчөлүгү — меморис программасынын негизинде, бардык буюмдарды таза, нукура продукциядан жасоого басым жасайт.

МЫКТЫНЫН МЫКТЫЛАРЫ БИШКЕКТЕ

Сынакка мындан тышкары, Нарын районундагы «Ак-Тилек Тогуз-Булак» бала бакчасынан, Бишкек шаарындагы №142 бала бакчасынан, Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Баластан» бала бакчасынан, Чүй облусунун Ысык-Ата-районундагы «Ак-Кайың» №3 бала бакчасынан, Жети-Өгүз районундагы «Сезим» бала бакчасынан, Ош шаарындагы №39 «Күн нуру» бала бакчасынан мыкты аталып, облустук сынактан суурулуп чыккандар катышууда.

Эртең ушул эле мектеп-гимназияда мугалимдер педагогикалык чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн ачык сабактарды өтүшмөкчү. Ал эми тарбиячылар өз кесибинин чеберчилигин көрсөтүүгө борбор калаабыздагы №182 бала бакчага бөлүнүшөт.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер