“МЫКТЫ ЖАЙЛОО ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ” СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 29.05.2024
  • 0

 2023-жылы республиканын ар кыл бурчунда ачылган жайлоо өнүктүрүү борборлору арасында өткөн “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлык тапшырылды.

“МЫКТЫ ЖАЙЛОО ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ” СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Маалыматка ылайык, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду мыкты Жайлоо бала бакчаларга сыйлык тапшырып, 2024-жылга жаңы пландарды түзүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу иш-чарасы менен баштады.

— Сынак тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын коомго жеткирүү, балдарды өнүктүрүүгө багытталган жайлоо өнүктүрүү борборлорунун  ишмердүүлүгүн чагылдыруу, мамлекеттик жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин  көңүлүн буруу буруу максатында уюштурулган.   Келип түшкөн материалдарга  Жобосунда  көрсөтүлгөн критерийлерге  ылайык, жюри мүчөлөрү 100 баллдык шкала менен баа берип, төмөнкүдөй чечим  кабыл алды: Биринчи орун — Ак-Талаа районундагы  “Адис-Адилет” жайлоо өнүгүү борборуна  ыйгарылды. Байгеси  — кир жуугуч машине. Экинчи орун  — Нарын районундагы  “Эмгекчил” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси -10 000 сом. Үчүнчү орун упайларынын тең болгондугу үчүн Алай районунун Сары-Могол айылынын “Бооке” жайлоо өнүгүү борборуна жана  Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды. Байгеси “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептердин топтому, — дейт фонддун аткаруучу директору Р.Кайыкова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер