МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР ЖРТдан ЖОГОРКУ БАЛЛ ТОПТОШТУ

  • 19.06.2019
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку 238 упайды Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов топтоду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР ЖРТдан ЖОГОРКУ БАЛЛ ТОПТОШТУ

Маалым болгондой, жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп 43 миң 440 абитуриент катышкан. Эң жогорку упай — 238.

Босого упайдан 27019 бүтүрүүчү же 62,2% өтө алды. Ал эми орточо упай — 119,5.

 

ЖРТда эң жогорку упай топтогон 10 абитуриенттин тизмеси:

  1. Элдияр Чормонов — Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи;
  2. Нуртегин Колбаев — Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясы;
  3. Аида Борукулова — Лейлек районундагы №1 мектеп-гимназия;
  4. Жеңишбек уулу Талантбек — Кадамжай районундагы «Семетей» лицейи;
  5. Мамажанова Гүлшода — Жалал-Абад шаарындагы №20 кыргыз-түрк кыздар лицейи;
  6. Дария Мусаева — Бишкек шаарындагы №12 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы;
  7. Анастасия Чичкова — Бишкек шаарындагы №38 окуу-тарбия комплекси;
  8. Эрали кызы Сезимай — Ош шаарындагы «Сапат» кыздар лицейи;
  9. Эржигит уулу Тыныбек — Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр атындагы №15 кыргыз-түрк балдар лицейи;
  10. Мухомедьярова Алина — Бишкек шаарындагы №67 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер