МЫКТЫ ОКУУЧУГА 100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТ

  • 25.05.2024
  • 0

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты жогорку деңгээлде өттү. “Алтын тамга” кызыл аттестатына  ээ болгон 11-класстын бүтүрүүчүсү Адинай Хаписовага айыл өкмөтү тарабынан “Айфон 15” белекке берилди.

МЫКТЫ ОКУУЧУГА 100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТМЫКТЫ ОКУУЧУГА 100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТ

Маалыматка таянсак, мыкты окуучуну тарбиялап өстүргөнү үчүн ата-энесине 100 миң сом акчалай берилди.

— Окуучунун класс жетекчисине жана мектеп директоруна Дубайга саякаттоо үчүн сертификат тапшырылды. Жалпы мектеп жамаатына “Мерседес спринтер” маркасындагы кичи бус 1-сентябрда бериле турган болду. Мунун баары айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси аркылуу ишке ашып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалды.  Ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясынан да “Алтын тамга” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүгө жаңы үлгүдөгү ноутбук жана төш белги, ал эми мектеп директоруна  кайышка түшүрүлгөн Ч.Айматовдун портрети тапшырылды, — дейт Талас облустук усулдук борборунун директору С.Бейшенова.

МЫКТЫ ОКУУЧУГА 100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТМЫКТЫ ОКУУЧУГА 100 МИҢ СОМ, АЙФОН 15 ЖАНА ДУБАЙГА САЯКАТ

Акыркы коңгуроо салтанатына Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери, Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев катышып, мугалимдер менен окуучуларды куттуктап, мындан аркы кадамдарына ийгиликтерди каалашты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер