«МЫКТЫ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ» РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 25.01.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык илимий-методикалык борбор башталгыч кесиптик билим берүү системасынын кесиптик лицейлеринин арасында “Мыкты кесиптик лицей” республикалык кароо-сынагын өткөрөт.

Сынак:

— окуу-методикалык ишти жана кесиптик-педагогикалык чеберчиликти жакшыртууга;

— окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого, чыгармачыл дараметин өнүктүрүүгө жана түрткү берүүгө;

— окуу жайларды, таланттуу жана жогорку кесипкөй инженердик-педагогикалык кызматкерлерди колдоого жана көтөрмөлөөгө багытталган.

Сынак 3 этапта өткөрүлөт: тандоо, областтык (буга Бишкек, Ош шаарлары да кирет), республикалык. Сынактын жыйынтыктары 2022-жылдын июнь айында чыгарылат.

Сынакка катышууга өтүнмөлөр жана сынактык материалдар [email protected] электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Маалымат алуу үчүн байланыш:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Эрмек Аида, телефону: (312) 662609, электрондук дареги: [email protected]

 

Бөлүшүү

Комментарийлер