МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫН КАНТИП КӨТӨРӨБҮЗ?

  • 17.12.2020
  • 0

12-декабрда ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин «Жалпы тарых жана ТОУ» кафедрасынын уюштуруусу менен Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Д.Шаматов факультеттин окутуучулары менен студенттерине «МУГАЛИМДИН МАКАМЫ ЖАНА КЕСИПКӨЙЛҮГҮ» деген темада конок-лекция окуду.

Новатор окумуштуу-педагог Дүйшөн Шаматов агай Борбордук Азия жана Түштүк Азия регионундагы мектептеги билим берүү, жогорку билим берүү маселелерин, ошондой эле окуу пландары, окуу процесси, баалоо, лидерлик, мугалимдин өз баркын билиши, билим берүү жаатындагы реформалар жана саясат, окутуучунун өнүгүүсү, илимий-изилдөөчүлүк даремети, мектептерди жакшыртуу маселелеринин айланасында изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Агай лекциясын “Мугалим жөнүндө ойлор”, “Мугалим өзү ким Мугалим дегенде кандай ойлор келет?”, “Мугалим жөнүндө коомчулуктун пикири кандай?”, “Мугалим катары өзүнүздү кайсы учурларда бактылуу сезесиз?” деген суроолорго жооп алуудан баштады.

Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнө түздөн түз таасир берет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана руханий маселелердин курчушуна алып келет. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу, окуучунун билим сапаты жана алардын тарбиясы мугалимдин билим сапатынан көз каранды болорун Дүйшөн агай баса белгиледи.

Лектор Энди Харгревиздин (1995) бул орчундуу пикирин келтирди: “Мугалимдин жумушу ары түйшүктүү, ары татаал болот. Азыркы ааламдашуу доорунда, тилекке каршы, либералдык саясатка байланыштуу, мугалимдерди эч ким баалабай, жада калса аларды эч нерсени билбеген, колунан эч нерсе келбеген адам катары көрүп калышты”. Анан өзүнүн жеке изилдөөлөрүнө таянып, көпчүлүк массалык маалымат каражаттарында мугалимдин ишмердигиндеги артыкчылыктарына караганда кемчиликтерин уу-дуу кеп кылган кабарлар басымдуу болуп жатканын далилдер менен көрсөтүп өттү. Андай маалыматтарды тратпай, ар бир мугалимдин жетишкендиктерин, артыкчылыктарын, ийгиликтерин даңазалоого чакырды.

Агай Сингапур менен Кыргызстандын окуучуларынын мектепти аяктаган соң ЖОЖго кабыл алынуусу, студент катары билим алуусу жана бүтүрүүчүлөрдүн мектептерге өз адистиги боюнча ишке жайгашуусу боюнча изилдөөнүн көрсөткүчтөрү менен аудиторияны тааныштырды.

Дүйнө боюнча (изилдөөгө катышкан мамлекеттерде): мугалимдик кесиптин орду, мугалимдин статусу боюнча көрсөткүчтөрдү келтирди. Мисалы, Кытайлык ата-энелердин 50% өз балдарын мугалим бол деп шыктандырары, израилдик 8% гана ата-эне балдарын мугалим бол деп айтышары маалымдалды.

Мугалимдин статусу эң жогору өлкөлөр:

Кытай

Грекия

Түркия

Түштүк Корея ж.б.

Мугалимдин статусу эң төмөн өлкөлөр:

Израиль

Бразилия

Чех Республикасы

Италия ж.б.

Бул фактылар аудитория күтпөгөндөй жыйынтык экени кызыгууну, талкууну жаратты. Мугалимдин аброю менен окуучулардын сабакты үйрөнүүсүнүн түздөн түз байланышы бар экендиги, мугалимди урматтоо — бул биздин моралдык милдетибиз эле эмес, ал ошол мамлекеттин өнүгүүсүнүн өзөгү экендиги жөнүндө ойлор айтылды. Мугалимдер статусу -бул жөн эле сөз эмес, ал окуучулардын билимин жакшыртуучу күч болору, ошондуктан жетекчилик муну олуттуу кабыл алуусу керек экендигин агай эскертип өттү.

Ошондой эле Варки фонду тарабынан (Varkey Foundation) 2013-2014-жылдан бери Глобалдык мугалимдер сыйлыгы (Global Teacher Prize) аттуу конкурс уюштурулуп келатканы жөнүндө маалымат берип өттү. Бул сыйлыкты дүйнө коомчулугу “мугалимдердин Нобель сыйлыгы” деп аташат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан мугалимдер катышкан бул сынактын жеңүүчүсү болгон мугалимге 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Мында негизги критерий катары эң мыкты мугалимдердин өз окуучуларына эле эмес, айлана чөйрө жана коомчулукка тийгизген таасири да бааланат. Тилекке каршы, Кыргызстандан эч ким катыша элек. Бизде сыймыктанарлык мугалимдерибиз көп, мына ошолор ушул сынакка катышып биринчи орунду жеңип алса кандай сонун болмок. Олимпиадада медаль уткан спортсмендерибизге окшоп, ошол мугалимдерди аэропорттон шаӊдуу тосуп алып, коомчулугубуздун каарманы кылып даңазаласак деген идеясын агай биз менен бөлүшүп кетти.

Дүйшөн агай келечектеги мугалим болууну максат кылган адистерге иш билгилик, тилди үйрөнүү зарыл  экендигин, бул дүйнөлүк илимге карай чоң жол ачаарын баса белгиледи.

Конок-лекциянын жыйынтыгында лектор катышкан магистранттардын, студенттердин жана окутуучулардын түркүн суроолоруна жооп берди. Конок-лекция угуучуларда чоң кызыгууну жаратып, келечек кесип ээлерине жана окутуучулардын өз кесибин баркташына чоӊ түрткү берди десек жаңылышпайбыз.

Факультеттин жалпы жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдирүү менен Дүйшөн агайга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана илимий-педагогикалык ишмердигине албан ийгиликтерди каалайбыз.

                                                                                                                                             Гүлзада Жумашова, ОшМУнун тарых факультетинин окутуучусу

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер