МУГАЛИМДИН АКЫЛ ААЛАМЫ

  • 28.10.2022
  • 0

Азыркы учурда билим берүү, жаңы маалыматтарды жана көндүмдөрдү өздөштүрүү зор мааниге ээ болгон маалыматтардын тез жаңылануу жана алмашуу доорунда жашап жаткандыктан мугалимдин инсандык фигурасы да зор кызыгууну жаратып жатат. Айлык акысы жогорулап, педагогдун кесиби да жаштардын назарына илинип, материалдык жактан кызыктыруучу престижге ээ болуп жаткан учуру. Бирок ошол кесиптин оор жүгүн, коомдук аң-сезимдин прогресси, келечеги үчүн жоопкерчилиги опол тоодой экендигин да жаштарга, педагогдордун кийинки муунуна жеткиришибиз зарыл деп ойлоймун.

Азыркы замандын адамын окутуп тарбиялоо – абдан оор жумуш, жоопкерчиликтүү вазийпа. Жашоонун көп баскычтуу айлампасына кирүү алдында турган жаш бала да, кесиптик же инсандык өнүгүүнүн жаңы тепкичине умтулган жетилген курактагы адам да окуу жана окутуучу менен көп жолу бетме-бет жолугушат. Бул жолугушуу жашоого мамилеси калыптанып, жаңы изденүүлөр менен билим жолуна түшкөн инсан болсун, кең ааламдын эшигин жаңы гана ачкан наристенин таза дүйнөсү болсун толкундануу жана сыйкырдуу күтүүлөр менен коштолот эмеспи. Эгерде мугалимдин жан дүйнөсү ар тараптуу жана кызыктуу болсо, сиз менен болгон мамилеси иштиктүү жана мээримдүү агымда жүрсө, ой-сезимди дал ушул сизге керектүү билим менен сугарып турса, анда сиздин жолуңуздун шыдыр кеткени, ийгилигиңиздин башталышы эмеспи! Биз баарыбыз бул жашоодо мына ушундай мугалимге муктажбыз. “Карайлаган көңүлдөргө сезим нурун төккөн, акыл асманын бийиктеткен” сөзү таасирдүү, кыймылы менен да, унчукпай караган көзү менен да тарбиялай ала турган, адамга жугумдуу, аудиторияга алымдуу адам, чыгаан ораторлорго муктажбыз.

Жашоого да, өзүнө да, окуучуларына да позитивдүү мамиле жасаган ой дүйнөсү өскүлөң, замандын агымындагы билимди суза билүүгө үйрөткөн мугалимди кайдан алабыз, кантип тарбиялайбыз? Маалыматтар дайрасында кенен саякаттап көнгөн эркин аң-сезимди өз акыл эсиңдин, ой жүгүртүүлөрүңдүн андан да кенен, оригиналдуу аракети менен кызыктыруу, ой түйүндөрүнө байлап алуу оңойбу? Дегеле чыныгы мугалим кандай болушу керек?

  1. Мугалим өз жан дүйнөсүн таанып билген, өзүнүн оң жана терс сапаттарын иликтеп, тактап аларды өзүнүн инсандык өнүгүү жолуна багыттаган жетилген адам болушу зарыл. Ал таанып билүүнүн түмөн түйшүгүнөн өтүп, жашоо концепциясы, кесиптик тажрыйбасынын мол казынасы жана инсандык күжүрмөн эмгекчилдиги менен алдыга бир топ озгон позитивдүү жаратман болушу кажет. Көп окуп, изденген өздүк “Менин” аныктап тактаган жана дүйнө менен, аалам менен, адамдар менен да мамилесин гармонияга келтирген сергек акыл-эстүү адам гана бул кесиптин түмөн түйшүгүн аркалап, чырмалышкан ойлордун арканын жандырып башкаларды өз багыты менен ээрчите алат.
  2. Кесиптик гана эмес жаран дык жоопкерчилиги күчтүү мекенчил болушу кажет. Анткени азыркы кыргыз коомун да терең руханий кризистен алып чыгуучу мугалимдин агартуучу ишмердүүлүгү же билим берүүнүн жогорку сапаттагы деңгээлине чыгуу менен байланыштуу экендигин мойнубузга алышыбыз керек. Билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүүгө үндөп турган Финляндия жана башка Скандинавия өлкөлөрү, Жапония да билим-илим жана маданияттын туусун бийик көтөргөн чыгаан атуулдардын аракети менен өнүгүүнүн кенен жолуна чыга алышкан. Мугалимдер тарбиялаган интеллигенциянын мыкты өкүлдөрү биригип, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө, ойготууга зор салым кошушкан. Канткенде бакубат, маданияттуу жашоого жетүүгө болоорун үйрөтүшкөн. Алар элин тактыкка, тартипке, өзүнүн жана башкалардын укугун сыйлоого көндүрүшкөн, өздөрү жалпыга үлгү болушкан. Ар бири өз аймагына тазалыктын, тартиптин жана өз элинин жаркын келечегине болгон ишенимдин күчтүү чырагы боло алышкан. Айланасына дал ошондой эрктүү, билимге жана өнүгүүгө умтулган инсандарды чогулта алышкан. Азыр да биздин алакандай элибизге мугалимдердин Снелмандары, эң алгач өз эли үчүн күйгөн, мекенчилдик аркылуу өз элин алга сүрөгөн уул-кыздар керек эмеспи! Алар айланасына ыйманга чакырган молдокелерди да, адилеттиктин үлгүсүн көрсөткөн мыйзам өкүлдөрүн да, өз элине агынан кызмат кылган күч кызматкерлерин да топтой алышы зарыл.
  3. Мугалим ыймандын нуру көздөрүнөн жанган, жүрөгү таза ишеним менен соккон Жараткандын бийик мыйзамдары менен жашаган аруу акыл сезимдин үлгүсү болушу табигый көрүнүш болушу керек! Акыл ааламы кенен мугалим коомдогу диндин, адамдын, жаратылыштын асылдыгын Аллахтын түбөлүк мыйзамдары аркылуу даңктаган ишенимди чын дили менен кабыл алат. “Жараткан менен байланышы болбосо ал башка адамдар менен, үй-бүлөсү менен кандай деңгээлде карым-катышы боло алмак? Кудайга орун болбогон көкүрөктө элди куткаруучу сезим да болбойт!” — деп белгилеген фин элинин улуу агартуучусу Снелман.
  4. Мугалим коомдун бардык катмары менен иштей алган уюштуруучу, коуч, оратор болушу зарыл. Акыл ааламы кенен мугалим мамлекеттик кызматкерлердин жаман жагын гана көрүп, аларды мыйзамсыздыктын булагы, элге адилетсиздиктин үлгүсүн көрсөткөн атка минерлер деп айыптап жатып калбайт, алар менен да жемиштүү иштейт. Эл мамлекеттик кызматкерлери менен сыймыктанып, адилеттүүлүктүн үлгүсү катары аларды сыйлай турган күн келээрине ишенет. Келечекте Мекен үчүн өлүүгө даярмын деген аскер кызматкерлери да бүгүнкү күнү анын балдарын, демек, келечегин окутуп, маңдай терин төгүп өнүгүүгө багыттаган мугалим экендигин биле турганына ишенет. Аларды да жаштарды өнүгүүгө умтулуу сезимин, өз күчүнө жана мекенине ишенип сыймыктанган жаштарды чогуу тарбиялоого тарта алат. Байлыгы менен сыймыктанган азыркы күндүн көпөстөрүндө нукура байлык – билим экендигине жана алар билим көчүнө акча салуу менен келечекке салым кошоруна ишендирип, меценат болушуна шарт түзүшөт.
  5. Мугалим – баланын гана эмес, анын ата-энесинин да тарбиячысы. Азыркы жакшы жашоону издеп алыскы, жакынкы мамлекеттерге агылган, пайда гана издеген базар заманында тарбия эң биринчи баланын ата-энесине педагогикалык окуулар катары керек. Заман агымы күндөн-күнгө катуулап тездеп кетип жатат. Жалпы агымдын таза жеринде болуу үчүн эң биринчи күчтүү, эрктүү жана билимдүү жаш күчтөр керек. Жаштарды чет жерге барып алардын ыпыр-сыпырын тазалаган, курсакты гана кампайткан агынды өнөрүн үйрөнгөн керектөөчүгө айландырбай, сергек акылы менен алдыңкы техниканы, жогорку ой жүгүртүүнү өздөштүргөн талдоочу, өлкөсү үчүн алымдуу идеяларды кайра иштеп чыгып пайдалануучу генератор акыл- эстерди тарбиялоого үндөө керек. ”Жашоонун бузулушунун эң негизги себептеринин бири элдин баары жакшы жашоого жеткиси келгенинде, эптеп башкалардан бир нерсе алсам-жулсам, өндүрсөм деген өзүмчүл психологияда тарбияланганында болот”, — деген орустун улуу ойчулу Л.Н.Толстой. Акча, байлык деп, балдарын көңүлдөн чыгарган, убактысын, мээримин бөлө албаган ата-энелерге кеңеш берип, көзүн ачкыла, керек болсо катуу айткыла. Анткени алар эртеңки күнү өздөрүнүн эң негизги байлыгы болгон баласынын жаркын келечегин жоготуп алышы мүмкүн. Алар эч кимди, эч нерсени, Ата мекенди да, ата-энени да сыйлабаган эгоисттерден болуп калышы толук мүмкүн. Баланы туура тарбиялоонун жолдорун мыкты билген мугалим гана ата-эне үчүн, бала үчүн да улуу тарбиячы боло алат. Демек, мугалим өз ишинин устаты, коомдун тарбиячысы жана өз мезгилинин жоопкерчиликтүү инсаны, өз элинин алдыңкы интеллигенти болушу зарыл. Бул жолдо мугалимдин таяна турган күчү – өзүнүн бекем эрки, бай жан дүйнөсү жана ар тараптан таразаланган ишенимдери, эң негизгиси – рухий күчү! Ушундай мугалимдер гана элдин акыл-эсин, келечегин калыптандыра турган шам чыракка айланышат. Алар даңк алуу же жакшы жашоо сересине жетүү үчүн гана чуркаган, элинин караңгылыгын, билимсиздигин жана жарыбаган жашоосун алардын энчиси деп билген сокур интеллигенттер эмес. Чыныгы мугалим элге жалындуу сөзү менен кайрылып акыл сезимин ойготкон, акыл менен жашоонун көркөмдүгүн көрсөткөн, жаркын жашоого балдары аркылуу зор кызыгуусун ачкан чыныгы интеллигенттер болсо гана азыркы жашообуз, келечек багытыбыз жакшы жагына өзгөрөт.

КурманканАбдиева,
Кесиптик билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тили, адабиятын окутуу боюнча окуу-методикалык басылмалардын автору, ”Кыргыз тили”, “КР алдыңкы айымы” төш белгилеринин ээси

Бөлүшүү

Комментарийлер