Мугалимдерге насаатчылык колдоо
- 03.02.2025
- 0
«Менин насаатчым» программасынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана мугалимдер арасынан тандалып алынган насаатчы-машыктыруучулар үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Иш чаранын негизги максаты – «Менин насаатчым» программасынын туруктуулугун камсыздоо. Бул үчүн «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструментин колдонуу менен пилоттук мектептерде насаатчылык маданияты бекемделет. Натыйжада окутуунун сапаты жогорулайт.
Пилоттук долбоор үчүн Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан 60 мектеп тандалып алынган. Ар бир мектептен эки мугалим жана бир насаатчы тандалып, алар мугалимдерге кесиптик колдоо көрсөтүп, окутуу методикасын өркүндөтүүгө жана өнүгүүгө жардам берет.
Сабактарды баалоо методикасы төрт негизги чөйрөнү камтыйт:
- классты уюштуруу — убакытты натыйжалуу башкаруу, окуучулардын көңүлүн топтоо жана тартипти сактоо.
- билим берүү чөйрөсү — окуу жана өнүгүү үчүн ыңгайлуу жана мотивация берүүчү атмосфераны түзүү.
- окутуу — билим берүү үчүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуу.
- баалоо — окуучулардын прогрессине жана жетишкендиктерине объективдүү баа берүү.
Тренинг насаатчылар менен мугалимдердин кызматташтыгын бекемдеп, пилоттук мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Сыноо иштердин жыйынтыгында мектептер аралык практикумдар өткөрүлөт.
Комментарийлер