МУГАЛИМДЕРДИН СПОРТТУК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 09.01.2018
  • 0

Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин арасында «Ден-соолук — 2018» аталышында спартакиада өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, спартакиадага шаардагы 19 мектептин мугалимдери катышып, жеңген командалар облустук турга жолдомо алышты. «Ден соолук — 2018» аталышындагы спорттук иш-чара буга чейин да жыл сайын майрамдарда өткөрүлүп келген.

  • Мугалимдер спорттук оюндарга катышып, алдыңкы байгелерге ээ болуп келишкен. Бүгүнкү оюндар да жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ага мектеп мугалимдери активдүү катышып берди. Биз муну менен гана чектелбестен мугалимдерибизди республикалык таймаштарга катыштырып, алдыңкы орундарды багындыруулары үчүн шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз, — дейт ал.

Спорттук мелдештин катышуучусу №14 мектеп-лицейдин дене-тарбия мугалими Шермамат Арзыкуловдун айтымында, балдарга тарбия берип окутуп гана тим болбостон, мугалимдер аларга ар тараптуу жеке үлгүсүн көрсөтүүсү керек.

  • Кыргыздын улуттук оюндары болгон ордо, тогуз коргоол оюндарынын уюштурулушуна абдан кубандым. Улуттук спорттун ушул түрлөрү боюнча балдарды да көбүрөөк машыктыруу зарыл. Биз ушул багытта иш алып баруубуз керек. Мен жеке өзүм улуттук оюндар боюнча мектеп окуучуларын даярдап, алардын даярдыгын күчөткүм келет, — дейт ал.

Белгилей кетсек, шаардык олимпиаданын жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча №10 мектептин аялдар командасы 1-орунга, №14 мектеп-лицейинин командасы 2-орунга, ал эми №7 мектеп 3-орунга ээ болушту. Ал эми «Ден соолук — 2018» аталышындагы мелдешти уюштурууга шаардык билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюму тарабынан 35 миң сом бөлүнүп берилген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер