«ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ АР БИРИБИЗ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ». МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 23.08.2022
  • 0

Бишкекте Улуттук филармонияда мугалимдердин  республикалык салттуу конференциясы өттү. Анын ишине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Мугалимдердин салттуу кеңешмеси мектептеги билим берүүдө мазмундук жана структуралык реформалар активдүү жүрүп жаткан учурда өттү. Жакында эле мектептик билим берүүнүн жаңыланган мамлекеттик стандарты кабыл алынды. Анын артынан предметтик стандарттар текши жаңыланмакчы. Жаңы окуу жылынан тарта 9-класстын окуучуларына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутула баштайт.

”Бүгүн берилип жаткан билим 20-30 жылдан кийин дагы биздин балдардын турмушунда керектүү болууга тийиш. Жасалып жаткан ушул реформанын баары жыйынтыгында бир гана багытка бурулуш керек, ал сапатты көтөрүү маселеси”, — деди билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев.

Апрель айында мугалимдердин эмгек акысы масштабдуу түрдө көтөрүлдү. Эми педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын көтөрүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Бардык мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээлин көтөрүү боюнча максаттуу программалар, курстар өткөрүлө баштады.

Жаңы окуу жылында мугалимдин эмгек акысына жогорку категория үчүн беш миң сомдон кошуларын Министрлер Кабинетинин төрагасы айтып кетти. Ошол эле убакта мамлекет мугалимдерден кесипкөйлүк жоопту күтүп жатат.

”Билим берүүнүн сапатына ар бир мугалим жооп берүүгө тийиш, — деди Акылбек Жапаров.

"ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ АР БИРИБИЗ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ". МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргызстандын билим берүү тармагы 2023-24-окуу жылынан тарта 12 жылдык системага өтөрүн билим берүү жана илим министри айта кетти. Бирок мындан кошумча дагы бир жыл окутуу болбойт, кошумча каражат да талап кылынбайт. Азыркы система калат, бирок аталышы гана өзгөрөт. Азыркы нөлүнчү класстар биринчи класс деп аталып калат. Учурда окуу пландары жана программасы ошого ылайык өзгөртүлүп жатат.

«Биз он эки жылдык билим берүүгө өтүү аркылуу өзүбүздүн программабыздагы 1200 саттык жүктөмдү 850 саатка чейин түшүргөнгө аракет кылабыз. Ошол сааттардын эсебинен кошумча билим берүүнү балдардын спорт жана искусство ийримдерине колдонууга багыт алышыбыз керек», — деди министр.

Ошондой эле кыргызстандык окуучулар 2025-жылы эл аралык ПИЗА сынагына катышууга даярдык көрүүдө. Ошондуктан мектепте окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга чоң көңүл бурулууда.

Мектеп жетекчилерин дайындоо конкурстук жол менен ишке ашырыла баштады. Жаңы окуу жылынын алдында миңге жакын мектепте директор кызматына конкурстук тандоо аркылуу жаңы кесипкөй менеджерлер келип жатат. Конкурска катышкан талапкерлердин 35% тандоодон ийгиликтүү өттү.

Конкурстук тандоонун кезеги эми кесиптик лицейлер менен бала бакчалардын башчыларына да келет.

«Мындан кийин бала бакчалардын башчылары менен кесиптик-техникалык лицейлердин жетекчилерин дагы конкурстук негизде дайындоо болот», — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Ошентип, билим берүү тармагынын бардык деңгээлинде комплекстүү реформалар активдүү фазасына кирүүдө. Эгемендиктин отуз жылында өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп кылдырап келаткан билим берүү тармагын кайдыгерлик менен ыкшоолуктун сазынан сууруп алып, дүйнөлүк заманбап сыноолорго жарактуу деңгээлге жеткирүү аракети болуп жатат. Мындай шартта ар бир мугалимдин, ар бир жетекчинин өзүнүн кесипкөй аракети болмоюнча кандай гана мыкты реформалар пландалбасын, ишке ашпай тургандыгы шексиз.

Панелдик талкуу убагында «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева азыркы шартта «өзгөрүүлөрдү ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы» деп жакшы үндөө менен кайрылды. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер