МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТҮП ЖАТАТ

  • 27.08.2020
  • 0

Өлкөдөгү абалга байланыштуу мугалимдердин август кеңешмеси жер-жерлерде онлайн форматта өтүп жатат.

Чоң-Алай

МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТҮП ЖАТАТ

Чоң-Алай районунда мугалимдердин август кеңешмеси онлайн түрүндө болуп өттү. Кеңешмени райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары, адистери жана ар бир предмет боюнча секция жетекчилери уюштурушту. Анда жаңы окуу жылында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, предметтик пландарды түзүү, ата-энелер менен байланышты күчөтүү маселелери талкууланды.

Таш-Көмүр

Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, кеңешмеге Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри А.Темирбаева катышып, билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2019-2020-окуу жылынын, дистанттык окутуунун жыйынтыктары жана жаңы окуу жылына карата коюлган милдеттер талкууланып, санариптик билим берүүнү чыңдоо керектиги айтылды.

Ошондой эле «Санарип директор», «Директор-менеджер», «Санарип мугалим», «Санарип тарбиячы», «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты бала бакчасы», «Санарип окуу бөлүм башчысы», «Мыкты уюштуруучу», «Мыкты социалдык педагог», «Жаңы окуу жылына карата мыкты даярдык иштери» деген номинацияларды алган билим берүү кызматкерлеринин аты аталды.

Балыкчы

Балыкчы шаарында мугалимдердин август кеңешмеси Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта 25-августта өттү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Мамбетова билдирди.

«Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы» аттуу кеңешмеде 2019-2020-окуу жылында жүргүзүлгөн иштер жана жаңы 2020-2021-окуу жылына карата окуучуларга билим берүүнүн сапатын, натыйжалуулугун жогорулатууда педагогикалык жамааттардын жана мектеп администрацияларынын милдеттери жөнүндө Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Мамбетова баяндама жасады.

Кеңешменин жүрүшүндө шаардагы 10 мектептин директорлору, 11 бир бала бакчанын жетекчилери жана балдар билим борборунун жетекчиси, шаардык усулдук бирикме жетекчилери, Балыкчы шаардык билим берүү жана илим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы 2019-2020-жылдагы ийгиликтерди, жетишкендиктерди видеослайд аркылуу баяндашты.

Жыйынтыгында Н.Мамбетова жаңы окуу жылынын милдеттери менен тааныштырып, куттуктоо сөзү менен аяктап, август кеңешмесинин резолюциясы кабыл алынып, электрондук даректерге жиберилди.

Ат-Башы

МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТҮП ЖАТАТ

Ат-Башы районундагы мугалимдердин август кеңешмеси 2020-жылдын 24-августунда онлайн форматта өткөрүлдү.

Кеңешмеде Ат-Башы районундагы мектептерде жана бала бакчаларда 2019-2020-окуу жылында жүргүзүлгөн иштер жана жаңы 2020-2021-окуу жылына карата окуучуларга билим берүүнүн сапатын, натыйжалуулугун жогорулатууда педагогикалык жамааттардын жана мектеп администрацияларынын милдеттери жөнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов баяндама жасады.

Август кеңешмесине райондогу 21 бала бакчанын жана 21 мектептин директорлору, окуу бөлүм башчылары, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун кызматкерлери катышты. Анда райондогу билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, ийгиликтер, жасалып жаткан иштер жана көйгөйлөр айтылды.

Кадамжай

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө мугалимдердин август кеңешмеси аралыктан өткөрүлдү.

Кеңешмеге жалпы мектеп директорлору, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, жетекчилери катышты. Андан сырткары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Мээркан Асанова жана санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кызматкери Бурхан Курбаналиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Тажикан Бакирова катышып, сөз сүйлөштү.

Конференцияда Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев 2019-2020-окуу жылында райондук билим берүү бөлүмүндөгү жетишкендиктер менен кемчиликтер жөнүндө билдирүү жасады.

Мындан сырткары, билим берүү тармактарында 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктын жүрүшү, мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо багытында байгелүү орундарды камсыздаган мектептер, мектепке чейинки билим берүү тармактарынын аты аталды. Мисалы, алардын катарында Кадамжай райондук мектеп-лицейи, О.Маканов, «Кыргызстандын 10 жылдыгы», «Дыйкан», «Тегермеч» мектептерин кошууга болот.

Өткөн окуу жылында райондук байланыш бөлүмү менен биргеликте окуучулар ортосунда «Биз жашап жаткан дүйнө жөнүндө улуу муунга билдирүү жазыңыз» деген темада райондук деңгээлде 49-эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлүп, 1-орунга С.Тешеев, 2-орунга Молдо Нияз гимназия мектеби, 3-орунга А.Төралиев атындагы мектептин окуучулары татыктуу болушкандыгы, бул иш-чарага жакындан көмөк көрсөткөн Кадамжай райондук фондунун башчысы Т.Илиязовага терең ыраазычылык билдирилди.

Конференциянын журүшүндө өткөн окуу жылынын март айынан бери окуу процесси онлайн түрүндө жүргүзүлүп келе жаткандыгы, билим берүү тармактарында чыгармачылык менен эмгектенип жаткан мугалимдердин, «Жыл мыктыларынын» ысымдары аталды. Алардын катарына мыкты шаардык мектеп – Кадамжай райондук мектеп-лицейи, мыкты айылдык мектеп – «Дыйкан» орто мектеби, мыкты директор – Х.Сабиров толук эмес мектебинин директору Д.Матмусаев, мыкты окуу бөлүм башчысы – С.Тешеев орто мектебинин окуу бөлүм башчысы А.Бакирова, мыкты уюштуруучу – М.Горький атындагы орто мектептин уюштуруучусу Т.Толубаева, мыкты социалдык педагог – Темирбаев орто мектебинин соцпедагогу Д.Хожиханова, мыкты тарбиячы – «Дюймовочка» бала бакчасынын тарбиячысы Р.Юлдашева, мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемеси – «Баластан» кирет.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер