МУГАЛИМДЕР ЖАЙЫНДА 56 КҮН ЭС АЛАТ

  • 16.06.2022
  • 0

15-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” токтомго кол койду.

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн Министрлер Кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи.

Ага ылайык өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күндү түзөт. «Өргүүнүн күндөрү кыскарды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Комментарийлер