МУГАЛИМДЕР МЕНЕН МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ОРТОЧО АЙЛЫГЫ КАНЧА?
- 09.11.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин жана мектеп директорлорунун орточо айлык акысы тууралуу маалымат берди.
Министрликтин маалыматы боюнча, республика боюнча мугалимдердин орточо айлыгы 26 800 сомду, Бишкекте 26 200 сомду түзөт.
Республика боюнча директорлордун орточо айлык акысы 35 200 сом, Бишкекте — 35 100 сом.
Мектеп мугалимдеринин орточо эмгек акысы аймактар боюнча:
Аймак Айлык акы, сом Колго алат, сом
Баткен облусу 27 890 22 590
Ош облусу 27 383 22 180
Жалал-Абад облусу 27 637 22 386
Талас облусу 25 862 20 948
Чүй облусу 25 355 20 538
Нарын облусу 34 229 27 725
Ысык-Көл облусу 26 369 21 359
Ош шаары 24 150 19 562
Бишкек шаары 25 150 20 372
2022-жылы мугалимдердин айлыгы 80%га, ал эми 2023-жылдын сентябрынан баштап мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын айлыгы 50%га көтөрүлгөн.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер