МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН СЫНАК

  • 28.01.2020
  • 0

Кечээ жакында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин   демилгеси менен  жазуучу  Н.Кадырбековдун «Ант» китеби боюнча мугалимдер арасында конкурс уюштурулду.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН СЫНАК

Конкурстун жыйынтыгы 25-январь күнү шаардын мэриясынын чоң залында китептин авторунун катышуусунда өткөрүлдү. Конкурска эки жүздөй мугалим катышып, тестке жооп беришти. Биринчи 10 мугалим   60 упайдан жогору балл алып, диплом жана сыйлыктарга ээ болушту.  Алар:  Гулнара Шерматова,   Райкан Тагаева,  Айгүл Кучканова  Чолпонай Исмаилова  , Нурия Маткалыкова   Гулкайыр Абдукаюмова,   Айжан Ашимова  , Айнагул Маразыкова,    Акдаана Кошокова  , Галжан Бакирова болушту. Ал эми  15 мугалим —  54 упайдан 59 упай алгандар Нуржигит Кадырбековдун колунан белектерди алышты.

Төрт номинациялары боюнча : «Ыйман тарбиясын эң мыкты чагылдырган окурман» деп №10 орто мектебинин мугалими Айымкыз Эрмаматова, «Китептен эң мыкты таасир алган окурман» деп №9 орто мектебинин мугалими  Назгүл Якупова , «Китептин  аталышын эң мыкты чагылдырган окурман» деп №6 балдар бакчасынын тарбиячысы Дарика Калматова, «Каармандын балалык мезгилин  мыкты чагылдырган окурман» деп №7 орто мектебинин мугалими Элмира Рахмановалар табылып, диплом жана белектер менен сыйланышты.

Н.Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер